Кытай Ирандын ири мунай кардары болду

Reuters: Кытайдын Ирандан мунай импорттоосу күнүнө 1 млн. баррелге жетет.

Март айынын алгачкы 19 күнүндө Ирандан Кытайга мунай заттын күн сайын жөнөтүлүшүнө ишара кылып, Рейтер: “Пекин ушул айда Иран мунайынын кезектеги ири агымын алат”, – деп жазды.
Белгилей кетсек, Иран менен Кытайдын “25 жылдык” келишиминин алкагында Тегеран Пекинге 400 млрд. долларга тете чийки мунай зат экспорттомокчу – деген божомолдор бар.
Ал эми, 2021-жылдын март айынын аягына чейин Кытай Ирандан мунай сатып алууну күнүнө 1 млн. баррелге чейин көбөйтүшү мүмкүн. Бул көрсөткүч Сауд Арабиясы Кытайга алгачкы эки айда берген көлөмдүн жарымына барабар.
Март айында Кытай тарыхый рекорддук көрсөткүч менен 3,75 млн. тонна (27 миллион баррель) мунай сатып алган, ал январда 3,37 млн. тонна болгон, деп билдирет Refinitiv Oil Research.
“Иран Кытайга көбүрөөк мунай экспорттоп жатат жана бул АКШнын санкциялык режимине каршы турат”,- деди Eurasia Group талдоочусу Генри Рим.
Эске салсак, марттын алгачкы 19 күнүндө Кытайдан Иранга, негизинен, Кытайдын көз карандысыз заводдорунун борбору болгон Шандан провинциясына 650 миң баррель мунай жөнөтүлдү. Бул көрсөткүч февраль айында суткасына 490 миң баррелди, январь айында күнүнө 797 миң баррелди түзгөн. Соодагерлердин айтымында, Иран мунайынын баррели ICE Brentке каршы 4-6 долларга чейин арзандатылып сатылууда.

Комментарий жиберүү