Тайванда 350 жүргүнчүсү бар поезд рельстен чыгып кетип, 36 киши каза тапты

Тайвандын түндүгүндө поезд рельстен чыгып кетип, кырсыктан кеминде 36 адам каза болуп, 61и жаракат алды.

Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдаганын “IRNA” агенттиги кабарлады. “Reuters” агенттиги маалымдагандай, жүргүнчүнү ташыган поезд Тайвандын түндүк-чыгышындагы Хуаялянь уездиндеги “Дацин” туннелинде кырсыктады.

Азырынча поезддин төрт вагонунан 100дөй жүргүнчү эвакуацияланды, бирок куткаруучулардын калган үч вагонго кирүүсү мүмкүн болбой жатат. Кырсыкка темир жолдун жанында туура эмес токтоп, темир жолго оодарылып кеткен жүк ташуучу унаа себеп болгон.

2018-жылы дагы Тайвандын түндүк-чыгышында поезд рельстен чыгып кетип, 18 адам каза болуп, 170тен ашууну жаракат алган. Бул кырсык Тайвандагы акыркы он жылдагы эң жаман темир жол кырсыктарынын бири болгон.

Комментарий жиберүү