АКШнын 27 уюму Байденди Орусия менен тирешүүнү күчөтпөөгө чакырды

Американын 27 уюму жана мекемеси АКШ президентинен Орусия менен тирешүүнү күчөтпөөнү өтүнүштү.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Американын 27 уюму жана мекемеси АКШ президенти Жо Байденди Орусия президенти Владимир Путинге карата акарат сөздөрдү айтуудан баш тартууга үндөгөн билдирүү таратты.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Жо Байден ABC News телеканалына берген кеңири маегинде Орусиянын президенти Владимир Путинди “киши өлтүргүч” деп атап, АКШдагы шайлоого кийлигишкени үчүн “кун төлөтөм” деп айткан.
Байдендин мазактоосуна реакция жасаган Орусиянын президенти: “Киши өлтүргүч өзү башкаларды канкор деп атаган адам”, – деп айткан.
Эске салсак, Орусия менен АКШнын ортосундагы тирешүү жылдан-жылга күчөп, бир нече учурларда, анын ичинде Украинадагы окуялар жана АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен деген айыптоолор менен курчуп, Вашингтон Москвага каршы бир нече ирет санкцияларды киргизген.

Комментарий жиберүү