Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери өзөктүк келишим тууралуу сүйлөшүштү

Орусиянын президенти Владимир Путин, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель видеоконференция режиминде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Бул тууралуу Елисей сарайынан маалымдашканын “Fars News” агенттиги кабарлады. “Аль-Жазира” телеканалы Елисей сарайынын билдирүүсүнө шилтеме жасап, Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди  талкуулашканын билдирди.

Үч өлкөнүн лидерлери Иранды өзөктүк келишимдин талаптарын тез арада толугу менен аткарууга кайтаруу боюнча аракеттерди координациялоону макулдашышты. Ошондой эле тараптар Сирия жана Ливиядагы кризисти талкуулашты. Ошол эле учурда Кремлдин билдирүүсүнө караганда, Путин, Макрон жана Меркель сүйлөшүүлөрдүн дагы бир бөлүгүндө “Спутник V” вакцинасынын колдонулушун талкуулашты.

Мындан тышкары, “Спутник V” вакцинасын ЕБ өлкөлөрүндө колдонуу үчүн лицензиялоо мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле аны биргеликте өндүрүү маселеси каралды.

Белгилей кетсек, АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын расмий адамдары акыркы жумаларда АКШ өзөктүк келишимге  Иран өз милдеттенмелерине кайтып келгенден кийин келерин баса белгилешүүдө. Бирок бир нече күн мурун атын атагысы келбеген америкалык аткаминер “Reuters” агенттигине берген маегинде: “Маселе өзөктүк келишимге ким биринчи кайтып келеринде эмес, кептин баары бир эле учурда кандай кадамдар жасала турганында”, – деп билдирген.

Комментарий жиберүү