Ээгиңиздин астына беткап кийүүнүн кандай коркунучтары бар?

Беткап кийүү коронавирус оорусунун алдын алуунун эң маанилүү жолдорунун бири.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору адамдарды беткапты ээгинин астына же чекесине кийбөөгө чакырган видео жарыялады. Себеби мындай кылуу вирустун жайылышынын алдын албайт жана беткаптын ээси үчүн дагы кооптуу экенин билдирди.

Бирок, мындай кылуу туура эмес экенин билсе дагы, кээде адамдар тамак жегенде, ичкенде же сүйлөп жатканда беткапты ээгинин астына кийип алганын көрүп жүрөбүз.

Белгилей кетсек, беткап кийүүнүн негизги максаты – эгер сиз вирусту асимптоматикалык алып жүрүүчүсү болсоңуз, анда аны башкаларга жуктурбоо.

Бет капка кол тийгизүү менен же аны жылдырып жатып беткапты же колунузду булгап алышыңыз мүмкүн. Ошол эле учурда, бет териси булганып жана ээке же чекеге тийип беткап дагы булганып калуусу толук мүмкүн. Ошондуктан, туура кийип жүргөн беткапты алуу үчүн, алгач колуңузду самындап жууңуз же спирт эритмелери же гели менен дезинфекциялаңыз. Андан кийин, колунузду беткапка тийгизбей, кулакка илген жибинен кармап алып, желим баштыкка салышыныз керек.

Комментарий жиберүү