Бүгүн Иран Ислам Республикасынын күнү

Бүгүн, 1-апрель Иран Ислам Республикасынын 42-жылдыгы белгиленет.

Улуу Иран элинин исламдын кадыр-баркын ишке ашыруудагы эркинин жана өлкөнүн тагдырын элдин колунда аныктоонун чыныгы көрүнүшү.
Iran Press маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, 1979-жылы Имам Хомейни башында турган Ислам революциясынын даңазалуу жеңишинен кийин, бүткүл өлкө боюнча Ислам Республикасынын референдуму өткөн.
 Ал эми ушул эле жылдын  1-апрелинде жарыяланган бул референдумдун жыйынтыгына ылайык, референдумга катышууга укуктуу адамдардын 98% дан ашыгы Ислам республикасын түзүүгө макул болушкан.
 Ушул себептен, Иран календарында 12-Фарвардин (1-апрель), Иран Ислам Республикасынын күнү деп аталды.
Иран Ислам Республикасынын ыйык тутумунун тарыхындагы биринчи шайлоолор катары бул күнү чечкиндүү катышуусу менен Иран эли бүткүл дүйнөгө чет элдик кийлигишүү жана чечим кабыл алуу мезгили өткөнүн көрсөткөн.
Иран Ислам Ынкылабы өзүнүн жаңы системасы менен эзилген элдердин колониализмден жана капиталисттик эксплуатациясынан боштондукка чыгышын убада кылып, дүйнөдөн ажыраган жана эзилгендерге үмүт жана дем берди.

Комментарий жиберүү