Танзаниянын президентинин тажиясындагы тыгылышта 45 киши каза болду

Коронавирустан каза болгон Танзаниянын президенти Жон Магуфулини акыркы сапарга узатуу зыйнатында 45 киши тепсендиде калып каза тапты. 

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “The East African” МА шилтеме берип кабарлады. Президент менен коштошуу аземи 21-мартта Танзаниянын ири шаары Дар-эс-Саламдагы Ухуру стадионунда өткөн. Каза болгондордун арасында эки күн мурун жерге берилген эне жана анын төрт кичинекей баласы болгон.

Ошондой эле бул тыгылышта кеминде 37 жаран жаракат алганы белгилүү болду. 2015-жылдан бери президенттик кызматты аркалап келген Жон Магуфули 17-мартта 61 жашында коронавирустан каза болгон.

Комментарий жиберүү