Аялдардын организми коронавируска каршы антителолорду эркектерге караганда көбүрөөк өндүрөт

Аялдардын организми коронавируска каршы антителолорду эркектерге караганда көбүрөөк өндүрөт

Тель-Авив университетинин окумуштуулары коронавируска каршы антителолордун өндүрүшү куракка, COVID-19 оорулууларынын оордугуна жана эмдөөдөн кийинки убакытка жана  бейтаптын жынысына да байланыштуу аныкташты, деп жазды factstore порталы. Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, аялдардын организми коронавируска каршы антителолорду эркектерге караганда көбүрөөк өндүрөт.Антителолор Y түрүндөгү белоктор жана дененин иммундук системасынын эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири. Антителолордун өндүрүлүшү организмге инфекция киргенден кийин дароо башталат. Бул антителолор кийинчерээк организмге алгачкы инфекциядан кийин узак убакыт бою, ал тургай көп жылдар бою инфекцияга ийгиликтүү каршы турууга…

Прочитайте больше

Дүйнөдөгү эң коопсуз шаар кайсы?

Дүйнөдөгү эң коопсуз шаар кайсы?

Эксперттер дүйнөдөгү эң коопсуз шаарды аташты. The Economist журналы дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлардын жаңы рейтингин жарыялады.Белгилей кетсек, эксперттер жыл сайын коопсуздуктун индексин категорияларга байланыштуу 76 критерийдин негизинде эсептешет.Алар: ден соолук, жеке коопсуздук, санариптик маалыматтарды коргоо, инфраструктура жана экологиялык коопсуздуктар. Бул критерийлердин негизинде Даниянын борбору Копенгаген 2021-жылы дүйнөдөгү эң коопсуз шаар деп жарыяланган.Андан кийин Торонто (Канада) жана Сингапур (Сингапур) турат.Биринчи ондукка ошондой эле Сидней (Австралия), Токио (Япония), Амстердам (Нидерланд), Веллингтон (Жаңы Зеландия), Гонконг (Кытай), Мельбурн (Австралия) жана…

Прочитайте больше

АКШ Ашраф Ганиден уурдап кеткен акчаны кайтарууну талап кылды

АКШ Ашраф Ганиден уурдап кеткен акчаны кайтарууну талап кылды

АКШ Конгрессиндеги республикачылар партиясынын өкүлдөрү Ашраф Ганиден уурдап кеткен акчаны кайтарууну талап кылышты.  Республикалык Өкүлдөр палатасынын көзөмөлдөө комитетинин мүчөлөрү АКШнын Ооганстанга жардам катары берилген 169 млн. долларын уурдаган деп шектелген Ашраф Ганинин аракетин  иликтөөнү башкы прокурордон суранышты.Белгилей кетсек, Ак үйдүн мүчөлөрү Башкы прокурор Меррик Гарландга жана мамлекеттик катчы Энтони Блинкенге жазган катында Байдендин администрациясын экс-президент Гани уурдаган каражаттарды кайтарып алуу үчүн колунан келгендин бардык аракеттерин кылууга үндөштү.Бул боюнча Кентукки жана Висконсин штаттарынын өкүлдөрү Жеймс Комер менен Гленн Гроссман, “Ашраф Гани 169 млн. доллар накталай…

Прочитайте больше

Лавров: Орусия АКШнын аскерлерин Борбор Азияда көргүсү келбейт

Лавров: Орусия АКШнын аскерлерин Борбор Азияда көргүсү келбейт

«Орусия америкалык аскерлерди Борбор Азия өлкөлөрүндө көргүсү келбейт”, – деп билдирди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйынында. Орусия америкалык аскерлердин Борбор Азияда катышуусуна кандай карайт?,- деген суроого жооп берип жатып: «Жок, мен муну чындап айтам. Биринчиден, бизде жалпы коопсуздук мейкиндиги бар. Жана бул мейкиндиктин өзүнүн милдеттенмелери бар. Мен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмун айтып жатам, ал бардык союздаштардын өз аймагына чет элдик куралдуу күчтөрдү жайгаштырууга байланыштуу маселелер боюнча макулдугун талап кылат “, – деп…

Прочитайте больше

“Талибан” АКШ долларын Ооганстандан тышка алып чыгууга тыюу салды

“Талибан” АКШ долларын Ооганстандан тышка алып чыгууга тыюу салды

“Талибандын” өкүлү АКШ долларын жана байыркы буюмдарды чет өлкөгө чыгарууга тыюу салынганын жарыялады. Белгилей кетсек,  “Талибандын” өкүлү Забихулла Мужахид Твиттерде Ооганстандан АКШ долларын жана байыркы буюмдарды тышка чыгарууга тыюу салынганын билдирди.“Талибандын” өкүлүнүн айтымында, табылган ар бир байыркы буюмдар дароо конфискацияланып, мыйзам бузгандар жоопко тартылат. Эске салсак, “Талибандын” Ооганстандын чоң бөлүгүн, айрыкча Кабулду көзөмөлдөшүнөн улам тургундар Кабулдун эл аралык аэропортуна кол салып, өлкөдөн ар кандай жол менен чыгып кетүүгө аракет кылды. Ошол эле учурда талиптер ооганстандыктарды үйлөрүнө кайтууга…

Прочитайте больше

Сууну жетишээрлик керектөө жүрөк оорусунун алдын алат

Сууну жетишээрлик керектөө жүрөк оорусунун алдын алат

Аялдарга күнүнө 1,6дан 2,1 литрге чейин суу ичүү сунушталса, эркектер үчүн күнүмдүк суунун керектелиши 2ден 3 литрге чейин жетет. Европалык кардиология коомунун 2021-жылдагы конгрессинде сунушталган изилдөөлөргө ылайык, өмүр бою сууну керектүү өлчөмдө колдонуу дененин суусуздануусун алдын алат жана бул жүрөк жетишсиздигинин коркунучун төмөндөтөт.Белгилей кетсек, изилдөөнүн жүрүшүндө дарыгерлер сууну жетишээрлик керектөө жүрөк оорусуна алып келүүчү өзгөрүүлөрдү алдын алат же жок дегенде жайлатат деген жыйынтыкка келишкен.Кардиологдор аялдарга күнүнө 1,6дан 2,1 литрге чейин суу ичүүнү сунуштаса, эркектер үчүн…

Прочитайте больше

Ашраф Гани кечирилет, анын бир тууганы талибандарга кошулду

Ашраф Гани кечирилет, анын бир тууганы талибандарга кошулду

Ооганстандан качып кеткен президент Ашраф Ганинин бир тууганы Хашмат Гани Ахмадзай “Талибан” кыймылына кошулду.  Бул тууралуу уюмдун Twitterдеги билдирүүсүндө айтылат.Белгилей кетсек, 60 жаштагы Хашмат Гани 2002-жылдан бери “Кучи” (Ооганстандагы пуштундарга жакын этникалык топ) Улуу Кеңешинин төрагасы. Мындан тышкары, ал жеке жана мамлекеттик кардарларга коопсуздук кызматтарын көрсөтүп, ошондой эле импорт, экспорт, курулуш жана кыймылсыз мүлктү камтыган The Ghani Group компаниялардын конгломератын жетектейт.РИА Новостинин маалыматы боюнча,The Ghani Groupтун штаб-квартирасы Кабулда жайгашкан жана анын филиалдарынын бири Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) эң чоң шаары…

Прочитайте больше

Иран Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болот

Иран Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болот

Москва Тегерандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) толук мүчө болуу өтүнүчүн колдойт. Бул тууралуу Орусиянын Ирандагы элчиси Леван Жагарян РИА Новостиге берген маегинде билдирди. «Бир катар эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча жакын жана бири-бирине дал келген позицияларыбыз бар. Ушул жылдын сентябрь айында Дүйшөмбү шаарында өтүүчү ШКУнун саммитине байланыштуу Ирандын бул Уюмга толук кандуу мүчөлүк алуу өтүнүчүн Орусия колдоорун ырастагым келет », – деп айтты дипломат.Эске салсак, Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) туруктуу өкмөттөр аралык эл аралык уюм болуп саналат,…

Прочитайте больше

Орусияда эмгек мигранттардын жетишсиздигинен улам, эмгек акылары 25%га жогорулады

Орусияда эмгек мигранттардын жетишсиздигинен улам, эмгек акылары 25%га жогорулады

Орусияда жумушчуларга болгон суроо-талап 2021-жылдын биринчи жарымында өстү. Белгилей кетсек, пандемиянын башталышы менен пайда болгон эмгек мигранттарынын жетишсиздиги дагы эле сакталууда. Бул тууралуу РБКнын суранычы боюнча HeadHunter атайын статистика даярдаган.Пандемиянын биринчи толкуну миграциянын төмөндөшүнө алып келди – Борбор Азия өлкөлөрүнүн жумушчулары массалык түрдө үйлөрүнө кайтып келе баштаган. Абалга байланыштуу Орусияда мигрант жумушчуларга болгон муктаждык кыйла өскөн.Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдары 2021-жылдын апрелинде гана жанданган, бирок май айында өлкөдө “пандемиянын үчүнчү толкуну”…

Прочитайте больше

Путин: Ооганстандагы абал Орусияга жана Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат

Путин: Ооганстандагы абал Орусияга жана Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат

Орусиянын президенти Владимир Путин «Единая Россия» партиясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Ооганстандагы абалга баа берди. Орус лидеринин айтымында, учурда оогандык качкындарды Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштыруу коркунучтуу. Анткени, миңдеген качкындар арасында ар кандай террордук топтор болушу мүмкүн. Ал эми Орусияга коңушу өлкөлөрдөн визасыз кирип чыгууга мүмкүн болгон соң, Орусияга да бир катар террорчулар кирип кетиши толук ыктымал.“Биз үрөйдү учурган окуяларга 1990-2000 жылдары күбө болгонбуз. Ооганстандагы бүгүнкү көрүнүштөр ал убакта Түндүк Кавказда да болгон жана ага эч ким кайтып…

Прочитайте больше

Президенттин кереги жок: Ооганстанды бир нече адам башкарышы мүмкүн

Президенттин кереги жок: Ооганстанды бир нече адам башкарышы мүмкүн

“Талибан” кыймылына президенттин кереги жок, ошондуктан кыймыл Ооганстанды башкаруу үчүн 12 кишиден турган кеңеш түзүүнү көздөп жатат. “Талибан” Ооганстанды башкаруу үчүн 12 кишиден турган кеңеш түзүүгө ниеттенүүдө, анын ичинде өлкөнүн мурдагы өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү бар. Бул тууралуу “Foreign Policy” журналы кыймылдын лидерлерине таянуу менен жазды. Маалыматта белгиленгендей, талибтер Ооганстанда президент же башка жалгыз лидердин кызматын калыбына келтирүүнү каалашпайт. Ошол эле учурда, Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн кеңешиндеги эң таасирдүү үч адам: талибтердин саясий канатынын лидери Абдул Гани Барадар,…

Прочитайте больше

АКШ Ооганстанга 20 жылдын ичинде 2 трлн. доллар сарптаган

АКШ Ооганстанга 20 жылдын ичинде 2 трлн. доллар сарптаган

АКШнын Ооганстанда 20 жыл болушунун натыйжасында 240 миң киши каза болуп, 2 трлн. доллардан ашык каражат сарпталды. Ооганстандагы кырдаалды көзөмөлгө алуу максатында АКШ өлкөдө 20 жыл бою өз аскерин жайгаштырган.Браун университетинин Коомдук байланыштар жана эл аралык иштер институту 2001-жылдын күзүндө башталган АКШнын Ооганстандагы согушунун баасы 2,26 трлн. долларды түзгөнүн жарыялаган. Белгилей кетсек, бул чыгымдар Американын Коргоо департаменти жана Мамлекеттик департамент тарабынан каржыланган.Ошондой эле, бул согуштун натыйжасында 241,000 адам түздөн-түз өлтүрүлгөн. Акыркы 20 жылдагы согушта жалпысынан 2,448…

Прочитайте больше

Иранда коронавирустан каза болгондор рекорддук санга жетти

Иранда коронавирустан каза болгондор рекорддук санга жетти

Иран Ислам Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө акыркы суткада коронавирустан 684 бейтап каза болгонун билдирди. Белгилей кетсек, бул сан пандемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч болуп кады.Берилген маалыматтарга караштуу, өлкөдө акыркы бир сутканын ичинде КOVID-19 менен ооруган 36 419 жаңы пациент аныкталган.Калкы 80 миллиондук Ирандын төрттөн бир бөлүгү вакцина алды.Ал эми пандемиядан бери COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 4 677 114гө жетти.Тилекке каршы, акыркы 24 саатта бул оорудан 684 бейтап курман болуп, каза болгондордун жалпы саны 102…

Прочитайте больше

«Талибан» Панжшерге чабуул жасоого даярданууда

«Талибан» Панжшерге чабуул жасоого даярданууда

«Талибан» жоочулары каршылык көрсөтүү күчтөрү жайгашкан Панжшерге чабуул коюу буйругун күтүп жатышат. Радикалдуу «Талибан» кыймылынын согушкерлери өздөрүнүн көзөмөлүндө эмес Ооганстандын жалгыз провинциясы – Панжшерге кол салууга даярданып жатканын РИА Новостиге булак билдирди.Бул аймакка жүздөгөн талибтер жана курал-жарактар жайгаштырылды.Белгиленгендей, учурда согушкерлер каршылык көрсөтүү күчтөрү жайгашкан Панжшерге кол салуу боюнча буйрукту күтүп жатышат.Бир күн мурун талибтер 20 жыл мурда террорчулар тарабынан өлтүрүлгөн талибтерге каршы “Түндүк альянсынын” лидери  Ахмад Шах Масуддун уулу, жергиликтүү каршылыктын лидери Ахмад Масудга багынып берүү үчүн…

Прочитайте больше

Таттуу суусундуктар өмүрдү кыскартат

Таттуу суусундуктар өмүрдү кыскартат

Курамында кумшекери көп суусундуктарды көп колдонгондордун эрте көз жумуу тобокелчилиги жогору. Бул тууралуу Калифорния университетинин окумуштуулары билдиригенин чет элдик басылмалар жазышты. Сан-Диегодогу Калифорния университетинин окумуштуулары таттуу суусундуктарды тынбай ичүү менен эрте өлүмдүн ортосундагы байланышты аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында, таттуу суусундукту көп колдонгон аялдар ар түрдүү ооруларга чалдыгып, эрте көз жумушу ыктымал деген тыянак чыгарылган. Маалыматка караганда, илимпоздор 20 жылдын аралыгында 53 жаштагы 100 миңге жакын аялдын тамактануу рационун карап чыгышып, катышуучулардын кайсы алкоголсуз…

Прочитайте больше
1 138 139 140 141 142 187