Адамга дүйнөдө жана акыретте зыян тийгизе турган нерселердин бардыгы жаман мүнөздөн пайда болот. Б.а., зыяндардын, жамандыктардын башы – жаман мүнөздүү болуу. Арамдардан (жаман нерселерден) сактанууга “Такваа” деп айтылат. Такыбаа – ибадаттардын эң жакшысы. Анткени, бир нерсени кооздоо, жасалгалоо үчүн алгач андагы кир нерселерди, жамандыктарды жоюу керек. Ошондуктан, күнөөлөрдөн арылмайынча Исламга моюн сунуунун, ибадаттын эч кандай пайдасы болбойт. Жасагандарына сооп берилбейт. Жамандыктардын эң жаманы – куфур болуп саналат. Капырдын (Аллахка душман болгон адамдын) эч бир жакшылыгы акыретте пайда…
Прочитайте больше02
Дүнүйө акыреттин талаасы
Суроо: Дүнүйө деген эмне? Жооп Өлүмдөн мурда болгон бардык нерсе дүнүйө деп аталат. Булардын өлүмдөн кийин пайдалуу болгондору дүнүйө эмес акыреттик болуп саналат. Анткени, дүнүйө акырет үчүн талаа. Акыретте пайдасы тийбей турган дүнүйөлүк нерселер өтө зыяндуу. Дүнүйө динге ылайык колдонула турган болсо гана акыретте пайдалуу болот. Дүнүйө лаззаттарына да, акырет ниматарына да жеткен болот. Жакшылык жана жамандык мал-дүнүйөдө эмес, мал-дүнүйөнү колдонгон адамда. Андай болсо жаман деп саналган дүнүйө Аллаху таала ыраазы болбогон, акырет үчүн пайдасыз жерлерде…
Прочитайте большеВахий, хадиси кудси жана хадиси шариф
Аллаху тааланын пайгамбарларына кабар жиберүүсү “вахий” деп аталат. Вахийдин эки түрү бар. Жабраил (алейхиссалам) аттуу периште Аллаху тааладан алган кабарларды пайгамбарларга окуду. “Вахи-ульматлу” деп аталган ушул вахийдин сөздөрү менен маанилери да Аллаху тааладан келген. Мисалы, Курани карим – вахи-ульматлу. Вахийдин экинчи түрү “вахи-ульгайри матлу” деп аталат. Ал Аллаху таала тарабынан пайгамбарлардын жүрөгүнө билдирилет. Пайгамбардын өз сөзү менен башкаларга билдирет. Ушул сөздөр “хадиси кудси” деп аталат. Хадиси кудсилердин сөздөрү пайгамбарлардан, мааниси Аллахтан болот. Ал эми, сөзү да, мааниси да Пайгамбар тарабынан айтылса ал “хадиси шариф” деп…
Прочитайте большеДарт жана балээлердин келүү себеби
Имам Раббани хазреттери адамдын башына түшкөн балээлердин келүү себептерин суроо жана жооптор менен мындайча түшүндүрүүдө: Суроо: Пайгамбар жана олуя дайыма дарт жана балээлердин ичинде жашады. Бирок, Шура сүрөсүндө: “Силерге келген балээлер күнөөлөрүңөрдүн жазасы”, – деп айтылууда. Бул аятка карай турган болсок дарт-кыйынчылыктардын көптүгү күнөөнүн көп экендигин көрсөтүүдө. Пайгамбар жана олуя болбогон адамдын көп кыйынчылык тартуусу керек болсо да досторуна эмне себептен дарт жана балээ берүүдө? Душмандары эмне себептен ырахат жана ниматтардын ичинде жашоодо. ЖООП Дүнүйө ырахаттана турчу жер…
Прочитайте большеНафс-и аммара жана акл-ы салим
Суроо: Нафс-и аммара деген эмне? Мындан кантип кутулса болот?ЖООП Нафс-и аммара шахваттарга жетүү жана ачуусу келгендер менен урушуу үчүн эч бир чек, өлчөм дегенди билбейт. Кылган иштери дайыма ашыкча жана зыяндуу болот. Мисалы, айбан суусуганда таза сууну оңой эле табат дагы ичет. Суусуну канып тойгондон кийин ичпейт. Ал эми адамдын напси болсо тойгондон кийин да ичирет. Мал-жаныбар ачка болгондо оттойт. Тойгон кезде жатып уктайт. Адам баласы болсо ачка болгон кезде жерден тапканын ылгабай жей албайт. Тапкан нерселеринин…
Прочитайте большеАшура түнү жана күнү
Суроо: Ашура күнү жана түнүнүн маанилүүлүгү эмнеде? Жооп Мухаррам айынын онунчу күнү Ашура күнү деп аталат. Мухаррам айы Курани каримде ыйык деп билдирилген төрт айдын бири. Мухаррам айынын биринчи күнү орозо кармоо ал жылдын баарын орозо кармап өткөргөн сыяктуу сооп болот. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй: “Рамазандан кийин эң фазилаттуу орозо – Мухаррам айында кармалган орозо.” [Муслим] Бул айдын эң ыйык түнү Ашура түнү болуп саналат. Аллаху таала кээ бир дубаларды Ашура күнүндө кабыл кылган. Адам пайгамбардын…
Прочитайте большеПайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт
Бекем ыйманы, Аллах Таалага жана анын пайгамбарына болгон терең сүйүүсү үчүн көзү тирүүсүндө эле бейиш менен кубандырылган 10 сахаба тууралуу белгилүү хадис бар. Алардын бири – Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) күйөө баласы жана тууганы, акылмандыктын мыкты үлгүсү, төртүнчү адилеттүү падыша – Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун). 1- Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) жарык дүйнөгө келиши. Окумуштуулардын Алинин кайсы убакта төрөлгөнүнө карата бир нече пикирдери бар. Бир тарап, Али пайгамбарлык миссия баштала…
Прочитайте большеИслам аялзатына тең укуктуулук берип, сый-урматка бөлөдү
Бүгүнкү коомдо ислам динин туура эмес түшүнгөндөр аялды эч нерсеге укугу жок, толугу менен күйөөсүнөн, же атасынан көз каранды, жеке оюн эркин билдире албаган, билим алып, өзү каалаган жумушта иштөөгө укуксуз, үй жумуштарынан тышкары башка иш менен алектенбеген адамдай элестетишип, аянычтуу карашат. Мындай стереотиптүү ой-пикирлер айрым мусулмандардын өз динин туура эмес чечмелеген иш-аракеттеринен, же динди жаман көрсөткүсү келген эки жүздүү адамдар себебинен жаралып жатышы мүмкүн. А бирок ислам динине аны жаңылыш тутунган адамдар аркылуу баа…
Прочитайте большеИсламда эң чоң жихад- адамдын өзүн – өзү тарбиялоосу
Коомдо көпчүлүгү “жихад” десе “согушуу”, “согушка аттануу” дегенди түшүнүшөт. А чындыгында, “жихад” – өтө терең маанини камтыган түшүнүк. Төмөндө дин таануучу, профессор Кадыр Маликовдун “Ислам дини боюнча кыскача окуу куралы” китебинен жихад тууралуу так жана кенен маалымат ала аласыздар. “Жихад” араб тилинен которгондо “күч-аракет” деген маанини билдирет, исламда Аллахтын жолундагы күч-аракетти түшүндүрөт. Ал эми араб тилинде “жихад” сөзү ар кандай күч-аракетти, жумуштагы, окуудагы, жана башка ушул сыяктуу иштердеги күч-аракеттерди түшүндүрөт. Адатта “жихад” сөзү коомдо массалык маалымат каражаттарынын айынан…
Прочитайте большеКөзү азиз, бирок көөдөнү жарык сахаба
Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) хижрий жыл санагынын 1-жылында Билял ибн Раббахды муэзин (азанчы) кылып даярдаган. Көпчүлүгүбүз бул сахабаны пайгамбарыбыздын (САВ) 1-азанчысы катары тааныйбыз. Ал эми Ислам тарыхында экинчи азанчы ким болгонун билесизби? Бул – Абдуллах ибн Умми Мактум. Көзү азиз, бирок көөдөнү жарык, таң каларлык эр жүрөктүүлүк сапаты менен суктандырган бул сахаба тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз. 1- Абдуллах ибн Умми Мактум- өзү меккелик, курайш уруусунан. Пайгамбарыбызга (САВ) тууганчылыгы бар. Пайгамбарыбыздын (САВ) сүйүктүү жубайы Хадижа энебиздин таякесинин…
Прочитайте большеАял, эркек жана акыл
Суроо: Аялдын эркекке караганда акылдуураак экенин, ошондуктан, аялга көбүрөөк укуктарды берүү керектигин айтып жүргөндөр бар. Ар аял бардык эркектен акылдуубу? Жооп: Алгач акылдын эмне экенин билүү керек. Аллаху таала акылды туураны жаңылыштан, жакшыны жамандан, пайдалууну зыяндуудан айырмалоо үчүн жараткан. Кайсы нерсенин туура, кайсы нерсенин жаңылыш, кайсы нерсенин жакшы, кайсы нерсенин жаман экенин жалгыз бүткүл макулуктарды жоктон бар кылган Аллаху тааланын билдирүүсү менен гана түшүнүлөт. Адамдардын жакшы же жаман деп айтуусу менен бир нерсе жакшы же жаман болуп…
Прочитайте больше“Акыретке жакын кул кожоюнун төрөйт” деген хадистин мааниси эмнеде?
Кыяматка жакын белгилерди Ислам Пайгамбары Мухаммад ﷺ бир канча жолу хадистеринде айтып келген. Мындан тышкары ар бир элде көрөгөчтөр чыгып, тээ байыркы заманда эле акыреттин белгилерин алдын ала айтышкан. Алардын бири улутубуздун көрөгөч адам Туяк акын болгон. Ал 1900-жылдары жашаган жана өз ырларында азыркы заманыбыздын көйгөйлөрүн, интернет жана башка жаңы чыга турган нерселерди жазган: Акыр заман болоордоТемирди жиптей өрөсүң.Отуруп алып очойупАаламды үйдө көрөсүң.Кан төгүлөт жөндөн жөнКүндө айылда чуу болуп.Ичкичтер өтө көбөйүпАрак агат суу болуп.Акыр заман болоордоЭркектен кубат,…
Прочитайте большеИндия жана Пакистандагы диний агымдар
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тарта өлкө ишеним эркиндигине кулач ачып, жарандарга өз эркине жараша динге ишенүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ошол күндөн баштап, умтулган кыргыз жаштары өз мекенинде жана чет мамлекеттерде диний билим алышууда. Бирок алар кандай билим алууда? Кайсы мазхаптын таалим-тарбиясын көрүүдө? Суннит мектебининби же шиит мектебининби? Эгер сунниттик негизде болсо, ашъарий жана матуридийлик негиздеби? Же өз окуусун «салафи салихиндердин ишенимине негиздедик» – деп көкүрөк каккан ваххабийлерден/салафийлерден билим алып жатабы? Муну коомчулук жакшы билбейт. Исламий окуу жайда…
Прочитайте большеАрафа кандай күн?
Арафа күн деп Курман айтка бир күн калган күндү айтат. Анткени ажылар бул күнү “Арафат” тоосуна чыгып, өзгөчө ибадат кылышат.Айрымдар Орозо айттын алдындагы күндү да арафа күнү деп аташат, бирок бул туура эмес. Арафа күн жылына бир эле күн, Курман айттын алдындагы күн “арапа” деп аталат.Курман айт же арабча “Ид аль-Адха” – курмандык чалуу күнү. Бул улуу майрам Рамазан айынан 70 күндөн кийин башталат. Курман айт алдында мусулмандар ыйык жерлерге; исламдын бешинчи тиреги болгон ажылыкка барышат. Ар…
Прочитайте большеХадис
Жабир Джаъфи айтты: Имам Мухаммад Бакир (а.с) мындай деп буйруган: Эй Жабир, шиямын деген адамдын биздин Ахли Байтты сүйөм деп айтканы жетиштүүбү? Аллахка ант берем, Аллахтын такыбасын карманган жана моюн сунган адамдан башкасы биздин шиялардан эмес. Биздин шиялар момундук, кичипейилдик (ибадаттагы кичипейилдик), ишенимдүүлүк, Кудайды көп эстөө, орозо тутуу, намаз окуу, ата-энеге боорукердик жана жакыр жана муктаж болгон кошуналарына камкордук кылуу менен белгилүү болушкан. Ошондой эле, карызкорлорго жана жетимдерге кам көрүү, сүйлөөдө чынчыл, Куран окуган жана…
Прочитайте больше