Белек берүүнүн сүннөт боюнча 18 эрежеси

Белек берүү пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтү болуп эсептелет. Аллахтын элчиси ﷺ бири-бирине болгон сүйүүнү күчөтүү жана Жараткандын ыраазычылыгына жетүү үчүн белек берүүнү буюрган.

Ибн Умардын айтканы боюнча, Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:“Алла үчүн силерден сураганга бергиле, силерди чакыргандарга баргыла, силерге белек бергенге белек бергиле. Бергенге эч нерсе таппасаңар, ал адам үчүн дуба кылгыла”.Дагы бир хадисте мындай деп келет:“Белек алышып-беришкиле. Себеби белек көңүлдөгү кекти жоготот”.

Исламда белек берүүнүн, алуунун этикети жана эрежелери бар:

1. Белек берүүнүн чыныгы максаты – мамилелерди бекемдөө жана сүйүүнү, достукту жайылтуу аркылуу Аллахтын ыраазычылыгына умтулуу. Ошондуктан белек адамга жакшы маанай тартуулай тургандай тандалып, эч качан таарынычка, жек көрүүгө жеткирбегидей болушу керек.

2. Белекти эл алдында эмес, жалгыз жүргөндө бериңиз. Алган адам белекти качан, кайда, кантип ачып көрөрүн өзү тандайт.

3. Берген адамдын көзүнчө белекти дароо четке түртүп коюу туура эмес. Мындай кылуу аны таарынтып коюшу мүмкүн. Белекти ал жок кезде гана алып койсоңуз болот.

4. Белек тандоодо алтын эрежени сактаңыз. Ашыкча акча коротуп – кымбат, битирленип – арзан белек алуу жарабайт. Мындай кылуу белектин баасы, көптүгү маанилүү дегенди билдирбейт. Башкысы, белек чын жүрөктөн чыгыш керек.

5. Эгер адам белек алуудан баш тартса, себебин сылыктык менен сураңыз. Белек түшүнбөстүктөн жана негизсиз жоромолдордон улам баш тартылган болсо, жагдайды толук түшүндүрүп бериңиз.

6. Белек берүүдөгү максат – өз кызыкчылыгыңа жетүү жана муктаждыктарды канаттандыруу эмес. Сүйүү жана сый-урмат көрсөтүү максаты болушу зарыл.

7. Кандайдыр бир пайдага жетүү үчүн берилген нерсе белек деп саналбайт. Ал – пара болуп эсептелет.

8. Белек берүүдөгү ниет Акыретте жакшылыкка жетүү болсо, анда белек эмес, садака берген болуп саналат.

9. Сиз ишенгендей такыба, ак ниет, боорукер адамдан белек алсаңыз туурараак болот.

10. Баасы адамды кыжалат кылбагандай, оорчулукка кептебегендей белек тартуулаңыз.

11. Алган белекти четке какпай, барктаңыз. Муну менен катар белек алган үчүн кекирейип, мактануу да туура эмес. Белекке белек менен жооп бериш керек. Белек берүүгө эч нерсе табылбаса, жок дегенде ыраазычылык билдирүү зарыл. Пайгамбарыбыз ﷺ адамдарга ыраазы болбогон адам Жаратканга да ыраазы болбой тургандыгын айткан.

12. Арзан, сапаты начар жана аз өлчөмдө болгону үчүн гана белектен баш тартууга болбойт.

13. Текебердиктен жана бой көтөргөндүктөн белекти кабыл албоо туура эмес.

14. Белекти бирөөдөн берип жиберсеңиз ал адамдын ишенимдүүлүгүнө жана жеткирип берүүсүнө толук ынаныңыз.

15. Белек алгандан кийин берүүчүнүн көзүнчө белектин баасы, сапаты тууралуу талкуулабаңыз жана сурабаңыз.

16. Белекти кайра башка бирөөгө берсе болот. Белек алгандан кийин аны кайда колдонорун ээси өзү чечет.

17. Белекти кайтарып алууга тыюу салынат.

18. Арам болгон нерсени белек кылууга болбойт.

Комментарий жиберүү