Расулуллахтын Хазрети Алиге насааты

Момундун 3 белгиси болот: Намаз окуу, орозо кармоо жана садага берүү.

Риякордун (бир нерсени эл көрсүн үчүн кылган кишинин) 3 белгиси бар: Адамдардын жанында намазынын руку жана саждаларын толук орундайт, эч ким көрбөгөн жерде эч бир рукуну толук орундабайт. Мактаган кезде берилип ибадат кылат. Адамдардын арасында Аллаху тааланы көп зикир кылат.

Заалымдын 3 белгиси бар: Өзүнөн төмөн тургандарга кысым көрсөтөт. Күчү жеткенче элдин мал-мүлкүн кыйнап тартып алат. Жеп-ичүүдөн жана кийинүүдөн эч нерсени аябайт.

Сараңдардын 3 белгиси болот: Жанында болгон адамдын бетине кошоматтанат. Алыстаганда артынан гыйбат айтат. Башкалардын башына кыйынчылык түшсө кубанат.

Мунафыкта (эки жүздүүлөрдө) 3 белги бар: Жалган сүйлөйт. Сөзүндө турбайт. Аманатка кыянат кылат.

Жалкоолордун 3 белгиси болот: Аллаху тааланын буйруктарын орундоого эригет. Кемчилик менен амал кылып, амалы текке кетет. Намазын кечиктирет. Атүгүл, убагынан өткөрүп жиберет.

Тообо кылгандарда 3 белги бар: Арамдардан, күнөөдөн сактанат. Илим үйрөнүүгө шыктуу болот. Күнөөгө кайра жолобойт.

Акылдууларда 3 белги болот: Дүнүйө мал-мүлкүнө берилбейт. Кыйынчылыктарга чыдайт. Жокчулукта сабыр кылат.

Акмактардын 3 белгиси бар: Аллаху тааланын парздарына жалкоолук кылат. Маанисиз, жүйөөсүз сөздөрдү көп сүйлөйт. Макулуктарды кордойт.

Багы барлардын 3 белгиси бар: Адалдан жейт. Илим үйрөнүү жыйындарына катышат. Беш маал намазды жамаат менен окуйт.

Жаман амалдуулардын 3 белгиси бар: Аллахтын буйруктарын орундоодо жалкоолук кылат. Айланасындагылардын баарына зыяны тийет. Өзүнө жакшылык кылгандарга жамандык менен жооп берет.

Күнөөкөрлөрдүн 3 белгиси бар: Көп жаңылат жана ката кетирет. Убактысын оюн-зоок, бий жана музыка менен өткөрөт. Унутчаак болот.

Опасыздын 3 белгиси бар: Тууган-уруктарын тажатат. Кошунасына кордук көргөзөт. Күнөө кылууну жакшы көрөт.

Аллаху таала жүзүн бургандардын 3 белгиси болот: Калпты көп сүйлөйт. Жалган сөз менен көп ант берет. Элге кыйынчылык тарттырат.

Достун 3 белгиси  бар: Мал-мүлкүн сага курман кылат. Напсин сага курман кылат. Сенин сырыңды сактап жүрөт.

Ыймансыздын да 3 белгиси бар: Дининде күмөндөнөт. Аллаху тааланын досторун өзүнө душман деп билет. Раббине моюн сунбайт жана ибадат кылбайт.

Комментарий жиберүү