Түгөй тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл? Эң маанилүү 4 кеңеш

Пайгамбарыбыз ﷺ төгөрөгү төп келишкен, мээримдүү, түшүнүктүү, ырайымдуу жана сабырдуу күйөө болгон. Ар бир мусулман кызы Аллахтын элчисиндей ﷺ сыпаттары бар, же ошондой болууга умтулган күчтүү адамга турмушка чыкканга тырышат.Жар тандоо – ар бир адамдын жашоосундагы олуттуу кадам. Дүйнө жана акыреттеги бактылуулук ошол тандаган адамыңдан көз каранды. Ошондуктан, чечим чыгарууда жакшылап ойлонуп, терең талдоо зарыл.

Ислам аалымдары, эл акылмандар түгөй тандап жатканда буларга көңүл буруу маанилүү экендигин айтышат:

Адамгерчилик

Көп убакта адамдар жактырууну сүйүү менен алмаштырып алышат. Сырткы келбетин жактыруу – бул сүйүү эмес. Сүйүү – адамгерчилик жана сый менен курулган таза, жетилген сезим. Ички дүйнөсүн жактыруу менен түптөлгөн сезим түбөлүк созулат.

Никедеги жашоо дайым эле жакшылык, жыргалчылык менен коштолбойт. Турмушта кыйынчылыктар, бороон-чапкындар да болот. Мына ушул убактарды биргеликте жеңип чыгуу үчүн өмүрлүк жарыңдын адамдык сыпаттарынын кандай экендиги маанилүү. Үй-бүлөнүн бекем жана ынтымакта болушу жубайлардын бири-бирин угуп, сый-урмат, камкордук кылуусунан көз каранды.

Бирок никеге чейин адамдын ички дүйнөсүн, сапаттарын кантип билсе болот? Тандап жаткан адамыңыздын сөзүнө жана айлана-чөйрөдөгү адамдарга болгон мамилесине көз чаптырыңыз. Башкаларга жардам береби? Эгер сиз кандайдыр бир жардамга муктаж болуп калсаңыз, кол сунуп, колдоо көрсөтөбү? Жалгыз өзүнө жана өз муктаждыктарына эле байланган эмеспи? Эң негизгиси, сөзүнө эмес, кылган амалына, аракетине маани берүү зарыл. Анткени бардык адам кооздоп, көбүртүп-жабыртып сүйлөй алат.

Адамгерчиликсиздик, оройлук менен коштолгон сүйүүдөн качыңыз.

Окшош максаттар

Биринчиден, өз баалуулуктарыңызды жана максаттарыңызды аныктап алыңыз. Сиз тандаган адамдын каалоолору, максаттары, келечекке болгон пландары сиздикине окшошпу? Умтулуунун, максаттардын бирдейлиги никенин ийгиликтүүлүгүнө кепилдик берет. Канчалык адам жакшы болгон менен экөөңөрдү байланыштырган баалуулуктар жок болсо, акыры бир күнү жолдор бөлүнөт. Анткени максаттары, каалоолору түрдүү адамдардын биримдигин багыты жок, бир күнү кыйроого учурай турган кайыкка салыштырабыз. Көпчүлүк түгөйлөрдө ой-пикирлер келишпегендиктен уруш-талаштар жаралат, бул ажырашууга жеткирет.

Кандай жашоо образын карманасыңар? Кайсы баалуулук силер үчүн биринчи орунда турат? Канча балалуу болосуңар, аларды кантип тарбиялайсыңар? Мына ушуга окшогон маселелерди үйлөнгөнгө чейин талкуулап, чечип алуу маанилүү.

Үй-бүлө – бул бекем биримдик, ал бирдей максаттардын чегинде курулуш керек.

Адамды кандай болсо ошондой кабыл алуу

Адамды анын жакшы сапаты менен да, жаман сапаты менен да кабыл алууну үйрөнүңүз. Сиз тандаган адамда артыкчылыктар менен бирге кемчиликтер бар экенин түшүнүшүңүз керек. Көпчүлүк адамдар никеге чейин болочоктогу жарын идеалдуу элестетип алышкандыктан, анын кемчилиги көрүнбөй калат. Анан үй-бүлөлүк жашоодо түгөйүңдүн терс сапаттарын кездештирүү кайгы-капага, түшүнбөстүккө алып келет. Ошондуктан, тандаган адамыңдын кемчилигин көрө билүү, аны кабылдоо келечекте чоң жардамын берет. Анткени дүйнөдө төгөрөгү төп келген адам жок, баарында кемчилик бар.

Истихара намазын окуу

Истихара намазы кайсы бир ишке кадам таштай албай, тандоодо күмөн санап турганда окулат. Эгер сиз тандаган жолдун тууралыгына ынана албай жатсаңыз, истихара намазын окуңуз. Аллах Тааладан акыретиңизге жана дүйнөңүзгө пайда алып келе турган адамды тандоону сураныңыз.

Жараткан ыймандуу, Алланы жана анын элчисин ﷺ сүйгөн, жашоосунда ийгиликке жетишкен өмүрлүк жар берүүнү насип кылсын!

Комментарий жиберүү