Бардык дарттын дабасы бар

Суроо: Кээде башыбыз катып кетет. Башыбызга кыйынчылык түшүп же бир нерседен коркуп же карызыбызды төлөй албай кыйналабыз. Булардан кутулуу үчүн кандайдыр бир дуба барбы?

ЖООП

Ар бир дарттын дабасы бар. Аллаху таала чарасыз дарт жараткан эмес. Жашоо, мал-мүлк ээси болуу сыяктуу дүнүйөлүк нематтардын бардыгы үчүн себептерди жараткан. Себептерине жармашкан адам ушул нематтардан албетте куру калбайт. Акырет нематтарына жетүү да ушундай. Мисалы, жалкоолуктун дарысы намаз окуу. Адам башына түшкөн жагымсыз жагдайларда гафил болбостон (уктабастан) чарасына кароо керек.

1 – Юнус алейхиссалам окуган дубаны окуу керек. Эки ыйык хадисте айтылат:

“Дарт жана балээ келгенде Юнус пайгамбар окуган “Ла илаха илла анта субханака инни күнтү миназзалимин” зикирин айткан адам дарт жана балээден кутулат.” (Тирмизи, И. Сүнни)

“Ооруп калган адам 40 жолу “Ла илаха илла анта субханака инни күнтү миназзалимин” деп окуса, шейит болуп кайтыш болот. Сакайып кетсе күнөөлөрү кечирилет.” (Нажатул-мусалли)

2 – Бир нерседен коркуп кыйналган адам “Хасбияллаху ва нимал вакил” деп айтууга тийиш.

Ыйык хадистерде айтылат:

“Хасбияллаху ва нимал вакил” сөзү бардык коркунучтар үчүн амандык болот.” (Дайлами)

“Кыйынчылыктардан кутулуу үчүн “Хасбияллаху ва нимал вакил” дубасын окугула!” (И. Мардавайни)

“Эртең менен жана кечинде 7 жолу “Хасбияллаху ла илаха иллаху, алейхи таваккалту ва хува Раббул аршилазыйм” деп окуган адам дүнүйө жана акырет кыйынчылыктарынан кутулат.” (И. Сүнни)

“Корккон кезде “Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиилазыйм” тасбихин окуу керек.” (М. Раббани)

3 – Карызы бар адам көп көп истигфар айтууга тийиш. Ыйык хадистерде мындай деп айтылган:

“Истигфар (астагфируллах) айтып жүргөн адам тартыштыктан кутулат жана күтпөгөн жеринен ырыскыга жетет.” (Ибн Мажа)

“Үйгө кирерде Ихлас сүрөсүн окуган адам кедейлик көрбөйт.” (Т. Куртуби)

“Ар түнү Вакия сүрөсүн окуган адам кедейлик көрбөйт.” (Ибн Асакир)

“Кыйынчылыкка туш болгон же карыз болуп калган адам миң жолу “Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййилазыйм” десе Аллаху таала ишин жеңилдетет.” (Ширъа)

Карыздан кутулуу үчүн “Аллахумма акфини бихалалика ан харамика би фадлика амман сивака” дубасын окуу керек. (О, Раббим! Мени адалдар менен канааттанып, арамдардан сактануучу кыла көр жана улуктугуң менен сенден башкага муктаж болуудан сактай көр.)

Кедейликтен кутулуу үчүн: “Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййилазыйм” тасбихин айтуу керек. (Тагриб-уссалат)

Комментарий жиберүү