Китеп окууга деген ынтызарлык менен ыкылас көпчүлүгүбүздө бар. Бирок, ар түрдүү мүмкүнсүздүктөр жана кайдыгерликтин айынан бул каалообузду орундай албай келебиз. Негизи китеп окуу көнүмүшкө айлануучу касиет. Бул да бала кезден, мектептен башталса көнүмүшкө айланат. Окууга көнбөгөн болсок колдогу бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып, бул жакшы адатты азыртадан баштоого да болот.
Адам окуган сайын билимге ээ болот. Ал эми билими көбөйгөн сайын билиминин аз экенин сезе баштайт. Бул сезим адамды көбүрөөк окууга түртүп, адамда окууга деген көнүмүш пайда кылат. Бирок, колго түшкөн ар китепти эмес пайдалуу, баалуу китептерди тандап окууга тийиш. Маанилүү болгону көп окуу эмес, мыкты окуу. Ал эми мыкты окуу окуганын түшүнүп, ошол тууралуу ой жүгүртүү жана сабак алуу менен болот.
Китептер бир жагынан биз жеген тамак-аштарга окшош. Анткени, биз жеген тамак-аштар денебизди, китептер болсо рухубузду азыктандырат. Жакшы түрдө жеш үчүн оозубузга салган тамактарды шашпай жакшы чайнап, оңой сиңе тургандай кылып жегенге тийишпиз. Дени сак адамдар тамакты көп жеген адамдар эмес жакшылап сиңирип жеген адамдар. Китеп окуганда да жакшы пикирлерди оюбузда сактап калууга тийишпиз. Эсте калуусу үчүн чөнтөк дептерге жазып сактап койууга болот. Төмөндөгү сөздөр китеп жана окууга деген ышкыбоздукту калыптандырат:
∙ Китеп жакшыны, жаманды, жашоону үйрөтөт. ∙ Эң пайдалуу дос – китеп.
∙ Илим окуу аркылуу көбөйөт.
∙ Окуунун ырахаты – бүткүл ырахаттыктардын эң үстөмү.
∙ Маданияттуу адамдын эң чоң муктаждыгы – китеп.
∙ Окуган адам жамандык кылууага убакыт таппайт.
Китеп – эң жакшы дос. Бирок, туш келди китеп жакшы дос боло бербейт. Достун жакшысы, жаманы болгондой китептин да, гезит-журналдардын да жакшысы, жаманы, пайдалуусу, зыяндуусу бар. Мисалы, диний жана элдик баалуулуктарга урматсыздык кылган, тарыхты ката жазып бурмалаган, адамды жамандыкка түртө турчу жана руханиятты уулай турган китептерди окубоо керек. Демек эки эреже бар: “Жакшы китеп – жакшы дос”, “Жаман китеп – жаман дос”.