Канткенде балаңыз өз алдынча тапшырма аткарып баштайт?

Окуу жылынын башталганына аз гана болду. Ата-энелер эс алып көнгөн балдарына сабак окутууда айрым кыйынчылыктарга кабылышы ыктымал. Тапшырма аткаруу – окуучу үчүн да, ата-эне үчүн да чоң сыноо. Бардык эле балдар көңүлдөнүп, өз каалоосу менен сабак окубайт. Баланы кызыктыруу жана бара-бара өз алдынча тапшырма аткаруусуна үйрөтүү ата-энеден көз каранды. Бала окутуу көйгөйгө айланбашы үчүн эмне кылышыбыз керек? Бул макаладан айрым кеңештерди таба аласыз.

Ата-энелерге балага тапшырма аткартуу боюнча кеңештер

1) Жардам берүүгө даяр болуңуз.

Баланын тапшырма аткаруудан качып жатканы көп эле кездешет. Ата-эне эмне себептен баланын көңүлү тартпай жатканын изилдөөнүн ордуна: “Эмне дагы эле отурасыңбы? Качан баштайсың?”- деген суроолорду жаадыра баштайт. Эгер бала тапшырмадан качып жатса, анын бир себеби бар. Ата-эне алгач окуучунун көйгөйүн аныктап алышы керек.

Биринчиден, сизге ар убак жардам сурап кайрылууга болорун билдириңиз. Тапшырмаларын толук бойдон аткарып бергениңиз, албетте, жардамга кирбейт. Канчалык керек болсо, ошончо түшүндүрүү – бул чоң жардам. Суроолоруна жетиштүү жооп берген соң, өз иштериңизди кыла берсеңиз болот. Жазып бүткүчө, маңдайында көзөмөлдөп отуруу туура эмес.

“Дайым жаныңдамын, түшүндүрүп берүүгө даярмын”,- деп балага эскертүү өтө маанилүү. Балаңыз башында сизди көп жолу чакырат, бирок бул нерсе ачууңузду келтирбеш керек. Убакыт өткөндөн кийин бала тапшырмаларын өз алдынча аткарып баштайт.

2) Маалы менен эс алдырып туруңуз.

Окуучу бир отуруп эле бардык тапшырмаларын аткарып бүтө албайт. Көп ата-энелердин: “Аткарып бүтмөйүнчө кетпейсиң” деп шарт койгону дурус эмес.

Баланын оптималдуу жана рационалдуу түрдө тапшырма аткаруу убактысы – 20-30 мүнөткө созулат (кээ бир балдардыкы – 10 мүнөт гана). Жарым саатан кийин кичине тыныгуу жасап, окуучуну эс алдырыш керек.

3)Убакыт чектебеңиз.

“Сен тапшырмаларды тез аткарып бүтүшүң керек. Анткени бассейнге/конокко/паркка барабыз”. Чоңдордун шаштыруусу баланы стресстик абалга кептейт. Окуучу сабакка кириш үчүн бир топ убакыт кетет. Китеп-дептерлерин алып чыгат, иреттейт, калем сабын даярдайт. Бул мезгилде аны эч ким жулкулдатпаш керек.

4) Биринчи оңой көнүгүүлөрдөн баштагыла

Көптөр үй тапшырманы аткарууда оорунан баштоо керек деп ойлошот. Бирок бул- туура эмес ой. Татаал тапшырма баланын маанайын түшүрүп, башкаларын аткаргысы келбей калат. Эгер жеңилинен баштаса, тезирээк бүтөт. Бирөөсүн бүттүм деп, маанайы көтөрүлөт. Кийинки татаал тапшырмаларды аткарууга жакшы шарт түзүлөт.

5) Тапшырма аткарбаганы үчүн баланы жазалабаңыз.

Үй тапшырма жасалбаганы үчүн баланы урушуу, айыптоо, башканын балдарына салыштыруу, кыйноо- такыр туура эмес. Эмне үчүн сабак окуу маанилүү экендигин оңой мисалдар менен акырын түшүндүрүнүз.

Жыйынтыктап айтканда, баланын ар бир аракетин баалаңыз. Жакшы сөздөр менен мактаңыз, эркелетиңиз. Катачылык кетирсе, урушпаңыз. Акырын тон менен кемчилигин оңдоого аракеттениңиз.

umma.kg

Комментарий жиберүү