Кадыр ажы жооп берет: Сыйкырлоо, кара дубаны жасаган да, жасаткан да – чоң күнөөкөр

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө.

Кезектеги суроо сыйкыр жана кара дуба тууралуу, бул иштердин канчалык күнөө экендиги жөнүндө келди.

Кадыр ажы Маликов:

Руханий боштук, айланабызды курчаган туруксуздук, коркунучтар түрдүү психикалык ооруларга жана массалык депрессияга алып келүүдө. Буга байланыштуу калк арасындагы психикалык оорулардын өсүү тенденциясы адам үрөйүн учурат. Көрө албастык, жек көрүү жана түркөйлүк диндеги адекваттуу адамдарды да кээде каапырлык жана Аллага шерик кошуучу иш-аракеттерге түртүп коёт.

Акыркы кезде коомубузда сыйкырчылык (кара дубаны колдонуу) кеңири жайылып баратат. Кээ бир көзү ачыктарга (сыйкырчыларга) “жардам” сурап баруу бир гана “жол ачтыруу” жана “келечекти билүү” үчүн болгон жок. Көрө албастыктан жана өч алуу үчүн душмандарына жамандык кылуу максатында көзү ачыктарга кайрылуу популярдуу болууда. Сыналгынын астында жазылган жарнамалардын баары кара дуба окутуу, сыйкырлоо кызматтарына толуп кеткен.

“Фитна” деп аталган бул доорду пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ кыяматтын (акыр замандын) жакындашы катары кеңири сүрөттөгөн. Кыямат жакындаганда жылдыз төлгө күч алып, адамдар тыюу салынган сыйкырчылыкка барышат. Ошондой эле келечекти жиндер аркылуу билүүгө умтулуп, алдамчылык жана иллюзия (жалган керемет) көбөйөт. Кыяматтын эң чоң белгилеринин бири Дажжалдын (Антихрист) пайда болушу болот.

Көптөгөн көзү ачыктар, кара дуба менен алектенген сыйкырчылар эреже катары ким менен сүйлөшкөндөрүн айтышпайт. Өзүн да, элди да адаштырып, “жардамчыларын” маркумдардын руху (арбак), мазарлардын руху, ыйык жерлердин, бак-дарактардын “кожоюндары”, ал тургай периштелер деп аташат. Ошентип, сыйкырчылык кылгандар шайтан менен биримдикке кирип, ширк кылышат. Кара күчтөрдүн (жин-шайтандардын) жардамы менен тандалган курмандыктарынын ден соолугуна, жыргалчылыгына зыян келтиришет. Кээде психикалык ооруларга, өлүмгө жеткиришип, оор күнөө жана ширк кылышат.

Буйрутма берүүчү да, кылуучу да Жараткан алдында бирдей күнөө кылып, алар бул дүйнөдө эле жасаган жамандыгынын жазасын алышат. Сыйкырчылык кылгандар жана алардын кардарлары Аллахтын алдындагы күнөөлөрүнүн оордугун, өлүм алдындагы жана андан кийинки азаптуу жазалар тууралуу билишпейт, ойлонуп да коюшпайт.

Комментарий жиберүү