Түркия Имам Сарахси жөнүндө кино тартып баштады. “Имамдардын күнү” атка конгон улуу аалым тууралуу 9 факт

Түркия атактуу Ислам аалымы Имам Сарахси тууралуу кино тартып баштады. Бул тууралуу жазуучу, премьер-министрдин кеңешчиси Султан Раев Фейсбук баракчасына жарыялады.

“Түрк киночулары атактуу аалым, Ислам дүйнөсүндөгү эң көрүнүктүү диний ишмер Имам Сарахси Өзгөни жөнүндө кино тартып жатат. Окуя байыркы Өзгөн шаарында өтөт. Бул Өзгөндө өтүүчү “Өзгөн – Мунара” этнофестивалынын алдындагы зор жаңылык. Фильмдин өзөгүн Караханиддер доору, караханийлердин борбору – Өзгөн түзөт. Буюруса, байыркы Өзгөн Түрк дүйнөсүнө, ааламга дүңк этет го! Байыркы Өзгөн шаарын картадан издеп, зыяратка барабыз деген түрк туугандарыбыз көп. Байыркы шаардын баркын, кадырын барктай билели!”- деп жазган Султан Раев.

Өмүр баяны тасмага тартыла турган улуу аалым тууралуу эмнелерди билебиз?

1- Абу Бакр бин Мухаммад бин Ахмад бин Аби Сахл Ас Сарахси Түркмөнстан менен Ирандын чек арасындагы Мерв жана Мешхед шаарларынын ортосунда 1009-жылы жарык дүйнөгө келген. Бул жер мурун Сарахси деп аталган, мындан улам улуу имамдын фамилиясына да Сарахси деген ат уланган. Көп жылдар бою имам Бухарада Абдул Азиз ал Халваниден сабак алган. Имам Сарахси окуучулардын ичинен эң мыктысы болгон. Ал, ошондой эле, Шейхул Ислам Абул Хусейн Али бин Ал Хусейн бин Мухаммадис Сууди Ал Ханафи жана Абул Хафс Умар бин Мансурул Баззаз сыяктуу аалымдардан да илим алган.

2- Эгерде Имам Сарахсинин ижазасына (бир же бир канча илим боюнча кимден илим алганынын чынжырчасын көрсөтө турчу документ) карасак, Имам Сарахсинин чынжырчасы Абу Ханифанын эң мыкты окуучуларынын бири Имам Мухаммад Аш Шайбаниге барып такалат. Имам Сарахси ханафи мазхабындагы өтө күчтүү аалымдардын бири боло алды. Аны «Шамсу аль-Аимма» деп да аташкан. Которгондо “Имамдардын күнү” деген түшүнүктү берет. Анын 30 томдон турган «аль-Мабсут» китеби ханафи мазхабындагы негизги китептердин бири болуп саналат. Баса, бул китепти имам 15 жыл аралыгында жазган, анда анын жанында барак, калемсап, китеп болгон эмес. Китепти ал түрмөдө, сырткы дүйнөдөн обочолонгон жерде жазган. Имам Сарахсини түрмөгө отургузгандар ал бул жерде калып, илимди таштап, чөгүп кетет деп ойлошкон. Бирок Имам Сарахси илим менен билимди баарынан жогорку орунга коюп, эң мыкты эмгектерин түрмөдө отурганда жазган. “Аль-Мабсут” китебинде ал минтип жазат: “Чындыгында, Аллахка ыйман келтиргенден кийинки эле эң күчтүү милдеттердин бири- илим издөө. Бул тууралуу хадисте да айтылат: “Илим издөө- ар бир мусулман эркек менен мусулман аялга парз. Илим – пайгамбарчылыктын мурасы, хадисте да айтылат: “Пайгамбарлар (Аллахтын аларга тынчтыгы болсун) өзүлөрүнөн кийин динар, дирхамды мурас кылып калтырышпайт, алар мураска илимди калтырат, кимде-ким аны алган болсо, өтө берекелүү үлүшүн алган болуптур”.

3- Имам Сарахсини кимдер жана эмне үчүн түрмөгө отургузушкан?

Имам Сарахси Караханид каганатынын учурунда жашаган. Бул өтө кыйын замандардын бири болгон. Мусулмандардын башына биринин артынан экинчи сыноолор түшүп турган кез эле.

Бир жагынан Ислам дүйнөсү кресттүүлөрдүн жүрүшү тарабынан болгон сырткы коркунучтарга кабылса, экинчи жагынан ички чыр-чатактар Ислам дүйнөсүнүн бөлүнүшүнө алып келген.

Бул мезгилде Караханид каганатынын башчылары дайыма өз аалымдарына басым жасап, айрымдарын зынданга салышкан. Күндөн күнгө салыктын баасы өсүп, элдер кыйын абалда калышкан. Имам Сарахси бийликтин мындай кыйноосуна каршы чыгып, мамлекеттик саясаттын аша жапкан иш-аракеттерин сынга алып, салыкты төлөөдөн баш тартуу тууралуу фатваларды да берген. Имам Сарахсиге каршы чыккан эки жүздүүлөр башчы Хакан Амир Хасанга Имам Сарахси төңкөрүш жасаганы жатат деген жалган маалыматты жеткиришет. Башчы имамдын жаш курагына да урмат көрсөтпөстөн (ал анда 64 жашка чыгып калган эле), илим жолундагы опол тоодой эмгегин эске албастан, имамдын артынан сая түшүп, Өзгөн шаарында аны 15 жылга түрмөгө отургузган. Түрмө имамдын күчтүү духун, эч нерсе сындыра алгыс ишенимин жокко чыгара алган жок. Тескерисинче, түрмө Имам Сарахсинин эң мыкты эмгектери жазылган жерге айланды. 15 жыл ичинде ал «Ал Мабсут», «Усуулул Фикх», «Шархус Сиярул Кабиир», «Зиядатуз Зиядат», «Шарху Жамиис Сагиир», «Шарху Жамиил Кабиир» сыяктуу эмгектерин жазып бүтүрдү.

4- Түрмөдө анын жанында барак, калемсабы болбогондуктан, ал өзүнүн бардык ойлорун ал өзү ташталган чуңкурдун үстү жагында аны өтө кылдаттык менен угуп жатышкан окуучуларына айткан, алар болсо имамдын айткандарын жазып алышкан.

Имам Сарахси мыкты илим адамдарын тарбиялап чыккан. Анын мыкты окуучуларынын ичинде булар болгон: Усман бин Али бин Мухаммад бин Мухаммад бин Али Абу Умар ал Байкандий ал Бухарий, Абу Бакр Мухаммад бин Ибрахим Ал Хасарий, Шамсул Аимма Махмуд бин Абдил Азиз Ал Узгандий, Бурханул Аимма Абдул Азиз бин Мааза, Масуд бин Ал Хусайн Ибнил Хасан бин Мухаммад бин Ибрахим Ал Каштаний, Абу Хафсис Сагир Умар бин Хабиб, Рукнуд Дин Масуд бин Ал Хасан ал Кашаний.

5- Имам Сарахси жазган китептерди биринин үстүнө экинчисин койсо, анын бийиктиги адамдын боюнан да ашат.

6- Ал берекелүү өмүр сүрүп, жашоосуна эч качан наалыган эмес. Өмүрүнүн эң кыйын учурларында да ал окуучулары менен динге кызмат кылууну таштаган жок.

7- Имам Сарахси түрмөдө жаткан күндөрүн орозодо, түндөрдү намазда өткөргөн. Имам Сарахсинин Аллахтын мыйзамдарына болгон берилүүсү, чындыкка жана адилеттүүлүккө жанын байлап койгону, калпычылык менен эки жүздүүлүккө болгон жек көрүүсү бардык мусулмандарга жана аалымдарга улуу өрнөк болуп саналат.

8- 1087-жылы ал бошотулуп, жашоосунун акыркы 3 жылын боштондукта өткөргөн. Бул убактысын да ал жазган китептерин жыйынтыктоого арнаган.

9- Ал Ош облусунда жайгашкан Өзгөн шаарында жан берген. Анын мавзолейи да ошол жерде жайгашкан.

umma.kg

Комментарий жиберүү