Акылдуу деп өз пайдасын, зыянын билген адамды айтат. Дүйнөлүк табыштарын ойлогондой акыреттик табыштарын да ойлогон адам – акылдуу. Эң көп дегенде 100 жылдык өмүрдү ойлоп, түбөлүк болгон акырет өмүрүн ойлобогон адамды акылдуу эмес акмак адам деп айтат.
Акылдуу болуу өтө баалуу. Хадиси шарифте: «Аллаху тааланын даргейинде эң урматтуу болгонуңар – акыл жагынан жогору болгондоруңар» (И.Газали)
«Акылдуу болбогон адамдын дини да жок.» (Тирмизи)
«Акылдуу адам ыйман келтирет.» (Байхаки)
Демек, ыйман келтирген, акырет өмүрүн ойлогон адам акылдуу. Бир нече хадиси шарифтерде: «Акылдуу адам – Аллаху таалага жана Пайгамбарга ишенген жана ибадаттарын орундаган адам.» (Ибн Мухбар)
«Эң акылдуу адам – Аллаху тааладан баарынан катуу корккон, Анын буйруктары менен тыюу салган нерселеринин баарынан узак болгон адам.» (Ибн Мухбар)
«Акылыңды арттыр – Раббиңе деген жакындыгың артсын! Арамдардан сактан, парздарды орунда, акылдуу болосуң.» (Ибн Мухбар)
Демек, парздарды орундап, арамдардан сактанган адамдын акылы артат. Арам иш кылган адамдын акылы азаят.
Бир хадиси шарифте: «Күнөө кылган адамдын бир акылы кетет, кайра артка кайтпайт.» (И.Газали) Андай болсо, акылдуу болуу үчүн ыйман келтирип, ибадаттарды орундап жана арамдардан сактануу керек. Ибадаттарды көбөйткөн сайын ыйман нуру жаркырайт. Күнөө кылган сайын ыйман нуру өчө баштайт. Күнөө кылуу көбөйгөн сайын бул нур толугу менен өчүшү мүмкүн. Бир хадиси шарифте: «Күнөө кылуу адамды күфүргө алып барат.» (Мектубати Масумийа)
Күнөө кылган адам капыр болуп калбайт, бирок, убакыт өткөн сайын күнөөлөрү жүрөктү карайтат. Адам күнөөлөрүнө маани бербей калат. Бул абал анын капыр болуусуна себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан, адам баласы бардык күнөөлөрдөн сактанууга аракет кылуусу керек.