Гвинеяда Эбола эпидемиясы башталгандыгы жарыяланды

Гвинеяда Эбола эпидемиясы башталгандыгы жарыяланды

Гвинеянын түштүк-чыгышында Эбола илдети катталды. Саламаттыкты сактоо министринин төрагалыгы астында өткөн кризистик жыйында лихорадканын жайылышына каршы күрөшүү боюнча бир катар чараларды көрүү чечими кабыл алынды. Аларга оорулуу адамдарды аныктоо жана алар менен байланышта болгон адамдардын бардыгын изоляциялоо кирет. Бул тууралуу “Euronews” телеканалы билдирди. “Бизде Эбола вирусун жуктурган жети учур (төрт эркек жана үч аял) катталды. Үч адам каза болду. Үчөө изоляцияланган. Бир бейтап Канакри шаарында. Экөө Нзерекордо”, – деди өлкөнүн Санитардык коопсуздук боюнча агенттигинин башчысы Сакоба Кейта. Гвинеянын…

Прочитайте больше

АКШ Сириянын ири мунай майданына аэропорт куруп жатат

АКШ Сириянын ири мунай майданына аэропорт куруп жатат

АКШга байланыштуу сириялык күрттөрдүн куралдуу топтору Вашингтон жетектеген коалиция Сириянын Аль-Омар мунай майданына аэропорт куруп жаткандыгын билдиришти. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Сириянын маалымат булактары АКШ жетектеген коалиция Сириянын мунайга бай аймактарында жаңы аэропорт куруп жаткандыгын маалымдашты. Бул кабарды маалымат булактары АКШ колдогон күрттөрдүн күчтөрүнө тиешелүү “Хажин” аскердик кеңешине шилтеме берип билдиришти.Аль-Омар мунай майданы Сириянын ири мунай майдандарынын бири болуп саналат жана Дейр-эз-Зор провинциясынын “Аль-Жазира” чөлүндө жайгашкан.Сириянын мунай кендеринин көпчүлүгү өлкөнүн түндүк-чыгышында, Дейр-эз-Зор жана Аль-Хасака провинцияларында…

Прочитайте больше

УКМК: “Дженго” каймана аттуу кримтөбөл изделүүдө

УКМК: “Дженго” каймана аттуу кримтөбөл изделүүдө

 10-февралда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаары менен облусунда издөөдө жүргөн “Дженго” каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын издөө иш-чараларын баштады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. “Бир катар даректердеги тинтүүлөрдүн натыйжалары менен тергөө органдарынан жашынып жүргөн Досонов, Ош шаарынын аймагындагы үйлөрдүн биринен жеке үй буюмдары жана жеке гигиена каражаттары, ошондой эле уюлдук телефондор табылган. Ошондой эле, тыюу салынган буюмдар, анын ичинде баңгизат дагы табылган. Учурда, атайын кызмат анын турган…

Прочитайте больше

Кызматын өткөрүп берип жаткан муфтий Максат Токтомушев кармалды

Кызматын өткөрүп берип жаткан муфтий Максат Токтомушев кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчисине (Ж.Б.) карата жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кызматын өткөрүп берип кетип жаткан муфтий Максат ажы Токтомушевди кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 10-февралда кечинде кабарлады. Атайын кызмат билдиргендей, ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, ал кылмышты жасоого экс-муфтийдин катыштыгы бар экендигине далилдер алынды. Максат Токтомушев 10-февралда кылмышка шектүү катары кармалып жана УКМКнын тергөө камак…

Прочитайте больше

Мароккодогу жашыруун фабрикада кеминде 28 адам каза болду

Мароккодогу жашыруун фабрикада кеминде 28 адам каза болду

Мароккодо нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкыны бир топ адамдардын өмүрүн алып кетти. Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, Марокконун түндүгүндөгү Танжер шаарындагы мыйзамсыз текстиль фабрикасын сел каптап, кеминде 28 жумушчу каза болду.Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары өлкөнүн коопсуздук органдарына шилтеме берип, суу каптаган фабрика турак үйдүн жер төлөсүндө жайгашканын жазышты. Белгилей кетсек, Мароккодо тынымсыз нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып кеткен. Жер төлөөдө жайгашкан фабрикадан он жумушчу куткарылып, ооруканаларга жеткирилген, алардын өмүрүнө коркунуч жок. Каргаша болгон учурда заводдо канча…

Прочитайте больше

Танзаниядагы белгисиз оору 15 адамдын өмүрүн алды

Танзаниядагы белгисиз оору 15 адамдын өмүрүн алды

Танзанияда белгисиз инфекциядан улам 15 адам каза болуп, 50дөн ашууну ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “The Mirror” басылмасына шилтеме берип  жазды. Маалыматка караганда, кан кустурган табышмактуу оору азыркы тапка чейин 15 кишинин өмүрүн алды. Белгисиз инфекцияга кабылган адамдардын башы ооруп, кусуп, кан кусууда. Ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү эркектер, алар буга чейин боор оорулары менен жабыркаган. Танзаниянын ички иштер министри кырдаалдын масштабын баалоо үчүн эпидемиялык жайга бир нече эксперттер жиберилгенин жарыялады. Буга окшош оору 2018-жылы Танзаниянын батышында катталып,…

Прочитайте больше

Индияда мөңгү түшүп, 10 киши каза таап, 150сү дайынсыз болууда

Индияда мөңгү түшүп, 10 киши каза таап, 150сү дайынсыз болууда

Индиянын түндүгүндөгү Уттаракханд штатында мөңгү түшүп, 10 киши каза таап, 150сү дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Индиянын маалымат каражаттары маалымдашканын “IRNA” МА кабарлады. “India Today” телеканалы билдиргендей, Гималайдан түшкөн мөңгү Уттаракханд штатынын Чамули аймагындагы плотинаны бузуп, суу ташкынына алып келди. Кырсыктан улам жергиликтүү 10 тургун каза болуп, плотинада иштеген 150 жумушчу дайынсыз болууда. Уттаракханд штатынын башкы министри Ом Пракаш бул кырсык тез арада болуп, адамдарды эскертүүгө убакыт жетишпей калганын билдирди. Ал бул окуяда 100-150 адам курман болгон болушу мүмкүн…

Прочитайте больше

Сириядан Казакстандын 12 жараны кайтарылды

Сириядан Казакстандын 12 жараны кайтарылды

Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте жана АКШнын жана башка эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен Сириядан казак жарандарынын тобун мекенине кайтаруу операциясын жүргүздү. Бул тууралу “TopPress” маалымат-порталы жазды. Мекенине кайтарылгандардын ичинде 4 эркек, 1 аял жана 7 бала, анын ичинде 2 жетим бала бар. Улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык, террордук аракеттерге катышкан адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жетим балдар жакын туугандарынын кароосуна өткөрүлүп берилет жана мамлекет аларга бардык жардамдарды көрсөтөт. Аял…

Прочитайте больше

Түркия Ошко жаңы заманбап аэропорт курууга кызыкдар

Түркия Ошко жаңы заманбап аэропорт курууга кызыкдар

Түркия мамлекети Ош облусунун аймагына жаңы заманбап эл аралык аэропорт курууга кызыкдар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов жаңы аэропорттун курулушу пландалып жаткан жер менен таанышты. Бул үчүн Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылынан 10 гектар жер бөлүндү. Мындан мурда, Кытайлык жеке компания Ош облусуна жаңы аэропорт курууга кызыкдар болуп жаткан, бирок аэропорттун стратегиялык маанилүүлүгүн эске алуу менен сүйлөшүүлөр ийгиликке жеткен эмес. Азыркы учурда Түрк республикасы…

Прочитайте больше

Израиль Сирияга абадан сокку урду

Израиль Сирияга абадан сокку урду

Сионист режими шаршемби күнү кечинде Сириянын түштүгүнө абадан сокку урду. «Tasnim News» агенттиги “SANA” агенттигине шилтеме берип, шаршемби күнү кечинде Израилдин согуштук учактары Сириянын түштүгүндөгү Эль-Кунейтра провинциясына кол салышканын билдирди.“SANA” агенттиги Сирия армиясынын абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн түштүк аймагына атылган ракеталарды жерге түшөөрдөн мурун бутага алганга жетишкенин маалымдады.Сириянн айрым маалымат булактары Дамаск эл аралык аэропортунун чет жакалары жана Голан бийиктиктеринин өлкөгө тиешелүү бөлүгү Израиль армиясынын аба соккусундагы негизги буталары болгонун кабарлашты.Сириянын аскердик маалымат булагынын билдирүүсүнө ылайык,…

Прочитайте больше

Брюсселде бычак менен кол салуу болду

Брюсселде бычак менен кол салуу болду

Брюсселдеги бычактуу кол салуудан бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу Mehr News агенттиги Sputnikке шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, 1-февралда кечке жуук Брюсселдеги метродо бычак кармаган бир адам жүргүнчүлөргө кол салып, жарадар кылган.Кийинчерээк, полиция кызматы бул окуя теракт болбогонун жана кол салуучу жеке маселеси менен дос кызын бычактаганын билдирген.Ал эми мурдараак, кол салуудан кеминде 5 адам жабыркаганы маалымдалып, метро жабылганы кабарланган.Эске салсак, окуя Брюсселдеги Gare de l’Ouest  метросунда болуп, белгисиз бир адам аялды тамакка бычак менен урган…

Прочитайте больше

Мьянмада аскердик төңкөрүш жасалып, өлкө лидери Аун Сан Су Чжи кармалды

Мьянмада аскердик төңкөрүш жасалып, өлкө лидери Аун Сан Су Чжи кармалды

Жалпыга маалымдоо каражаттары Мьянмада аскердик төңкөрүш жасалып, өлкө лидери Аун Сан Су Чжи кармалганын маалымдашууда. “Ir.Sputnik” МА маалымдагандай, Мьянма армиясы өлкөдө согуш абалын жарыялап, бийликти Мьянманын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Мин Аун Хлаингге бир жылга өткөрүлүп берилгенин жарыялады. “Демократия үчүн улуттук лига” партиясынын басма сөз катчысы Мио Ньюнт бүгүн эртен менен өлкө лидери Аун Сан Су Чжи жана башкаруучу партиясынын бир катар жогорку кызмат адамдары менен кошо Мьянма армиясынын аскерлери тарабынан камакка алынганын билдирди. “Элибизден ойлонбостон реакция кылбоону  жана мыйзам чегинде иш…

Прочитайте больше

ДССУ Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

ДССУ Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Ослодогу норвегиялык Нобель комитети Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун коронавируска каршы вакцинаны адилеттүү бөлүштүрүү аракети үчүн Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү жактырды. Бул тууралуу “Yjc” агенттиги “Reuters” МА шилтеме берип кабарлады. Быйыл Нобель тынчтык сыйлыгына ДССУ, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный жана экологиялык активист Грета Тунберг көрсөтүлдү. Үч талапкерди тең Норвегиянын мыйзам чыграуучулары колдошту. Башка талапкерлердин катарында АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп, НАТО жана БУУнун Качкындар иши боюнча агенттиги да бар. Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаттарынын тизмеси октябрь айында гана жарыяланат.

Прочитайте больше

Ири суммада пара талап кылган президенттин басма сөз кызматынын башчысы кармалды

Ири суммада пара талап кылган президенттин басма сөз кызматынын башчысы кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан ири суммада пара талап кылды деген шек менен президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы А.Н.С. кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, А.Н.С., кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке материалдык баюу максатып көздөп мамлекеттик кызматка талапкер болуп жаткан адамдан маселени оң жагына чечип берүүнү убадалап, ири суммада акча талап кылган. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 326–беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча Кылмыштардын жана…

Прочитайте больше

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 100 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 100 миллиондон ашты

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө короновирусту жуктуруп алгандардын саны 100 миллиондон ашты. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.Белгилей кетсек, Хопкинс университети федералдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка булактардын маалыматтары боюнча өз маалыматын жарыялайт.Университеттин акыркы маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 100 млн. 32 мин 461ге жетти. Алардын ичинен 2 млн. 149 мин 385 адам каза тапты. Илдеттен 55 миллиондон ашык адам айыкты.Эскерте кетеск, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо…

Прочитайте больше
1 87 88 89 90