Ирандын Батышында террорчулук ооздукталды

Ирандын Батышында террорчулук ооздукталды

Ирандын Чалгындоо министрлиги Пираншехр шаарында террорчулук ооздукталып, эки террорчу жок кылынганын маалымдады. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “ISNA” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Өлкөнүн Чалгындоо министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү Батыш Азербайжан чалгындоо агенттиги жана Хамза сейед аль-Шухада базасы менен кызматташтыкта Курдистан аймагындагы террордук уюмдар менен байланышы бар Пираншехрда террордук чабуулдарды жасоону көздөгөн куралчан эки террорчу куралдуу кагылышууда жок кылынганын маалымдады. Жок кылынган террорчулардан “Калашников” үлгүсүндөгү эки автомат, граната жана ок-дарылар алынды. Белгилей кетсек, кечээ, 24-февраль эртең менен Тегерандын…

Прочитайте больше

Норвегияда коронавирустун жаңы түрү табылды

Норвегияда коронавирустун жаңы түрү табылды

Новегияда B.1.525 деп аталган коронавирустун жаңы түрүнүн 10 учуру катталды. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, 18-февралда Норвегияда COVID-19дун B.1.525 деген жаңы түрү табылды.Буга чейин коронавирустун бул түрүнүн 30га жакын учуру Улуу Британияда, Данияда жана АКШда катталган.Норвегиянын Саламаттыкты сактоо институтунун башчысы Лине Вольд “Жаңы вирус тез жайылабы же жокпу, азырынча так билбейбиз. Бирок тез жугушу мүмкүн. Ошондой эле, дагы бир жагдай, вирус өлкөгө чет өлкөдөн кирген-кирбегенин дагы айта албайбыз. Коронавирустун жаңы түрлөрүнүн чыгышы табигый нерсе, анткени…

Прочитайте больше

Кыргызстанда гидро жана шамал генераторлорун өндүрүү боюнча ишканаларды түзүү пландаштырылууда

Кыргызстанда гидро жана шамал генераторлорун өндүрүү боюнча ишканаларды түзүү пландаштырылууда

Күн мурун, 17-февралда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын “Taechang N.E.T Co LTD” компаниясынын президенти Джи Ин Хо менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө энергетика жаатында кызматташуу жана Кыргызстанда калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүгө инвестицияларды, гранттык жана техникалык жардам тартуу маселелери талкууланды, атап айтканда, кичи ГЭСтер жана шамал энергиясы боюнча биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелери сүйлөшүлдү. Элчи Кемелова жакынкы келечекте Кыргызстанда гидро жана шамал генераторлорун өндүрүү боюнча биргелешкен…

Прочитайте больше

Орусия Лаостогу 580ден ашуун жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандырды

Орусия Лаостогу 580ден ашуун жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандырды

Бир катар орусиялык аскер адистери операция учурунда Лаосто 580ден ашык жарылбай калган бомбанын алдын алышты. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Орусия Лаостогу 580ден ашуун жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандырды.Белгилей кетсек, Орусиянын Коргоо министрлиги бомба жана мина тазалоочу адистер 1960-жылдары АКШдан Лаоско жасалган аба соккусу учурунда 580ден ашуун жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандырганын билдирди.Бул тууралуу ТАСС агенттиги өз маалыматында “Орусиянын Куралдуу Күчтөрү Сяньхуан провинциясынын Лаос Демократиялык Республикасынын Тонгхай Хейн аэропортунун аймагында миналарды тазалоо операциясы учурунда 580ден ашуун жарылуучу зат…

Прочитайте больше

ДССУ: Дүйнөдө COVID-19дун жаңы учурлары азайды

ДССУ: Дүйнөдө COVID-19дун жаңы учурлары азайды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору бешинчи жума катары менен дүйнөдө коронавирус жуктуруунун жаңы учурлары азайып баратканын билдирди. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. “Өткөн жумада октябрь айынан бери бир жуманын ичинде оору жуктуруу эң аз катталды”, – деди Тедрос Адханом Гебрейесус. Анын айтымында, беш жуманын ичинде вирус жуктуруунун жаңы учурлары дээрлик эки эсеге азайган. Февраль айынын башында Гебрейесус жаңы учурлардын санын кыскартуу мутацияны эске алып, пандемиянын жайылышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет деп айткан. Буга чейин ДССУнун эксперти Мария ван Керкховен коронавирустун…

Прочитайте больше

Гвинеяда Эбола эпидемиясы башталгандыгы жарыяланды

Гвинеяда Эбола эпидемиясы башталгандыгы жарыяланды

Гвинеянын түштүк-чыгышында Эбола илдети катталды. Саламаттыкты сактоо министринин төрагалыгы астында өткөн кризистик жыйында лихорадканын жайылышына каршы күрөшүү боюнча бир катар чараларды көрүү чечими кабыл алынды. Аларга оорулуу адамдарды аныктоо жана алар менен байланышта болгон адамдардын бардыгын изоляциялоо кирет. Бул тууралуу “Euronews” телеканалы билдирди. “Бизде Эбола вирусун жуктурган жети учур (төрт эркек жана үч аял) катталды. Үч адам каза болду. Үчөө изоляцияланган. Бир бейтап Канакри шаарында. Экөө Нзерекордо”, – деди өлкөнүн Санитардык коопсуздук боюнча агенттигинин башчысы Сакоба Кейта. Гвинеянын…

Прочитайте больше

АКШ Сириянын ири мунай майданына аэропорт куруп жатат

АКШ Сириянын ири мунай майданына аэропорт куруп жатат

АКШга байланыштуу сириялык күрттөрдүн куралдуу топтору Вашингтон жетектеген коалиция Сириянын Аль-Омар мунай майданына аэропорт куруп жаткандыгын билдиришти. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Сириянын маалымат булактары АКШ жетектеген коалиция Сириянын мунайга бай аймактарында жаңы аэропорт куруп жаткандыгын маалымдашты. Бул кабарды маалымат булактары АКШ колдогон күрттөрдүн күчтөрүнө тиешелүү “Хажин” аскердик кеңешине шилтеме берип билдиришти.Аль-Омар мунай майданы Сириянын ири мунай майдандарынын бири болуп саналат жана Дейр-эз-Зор провинциясынын “Аль-Жазира” чөлүндө жайгашкан.Сириянын мунай кендеринин көпчүлүгү өлкөнүн түндүк-чыгышында, Дейр-эз-Зор жана Аль-Хасака провинцияларында…

Прочитайте больше

УКМК: “Дженго” каймана аттуу кримтөбөл изделүүдө

УКМК: “Дженго” каймана аттуу кримтөбөл изделүүдө

 10-февралда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаары менен облусунда издөөдө жүргөн “Дженго” каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын издөө иш-чараларын баштады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. “Бир катар даректердеги тинтүүлөрдүн натыйжалары менен тергөө органдарынан жашынып жүргөн Досонов, Ош шаарынын аймагындагы үйлөрдүн биринен жеке үй буюмдары жана жеке гигиена каражаттары, ошондой эле уюлдук телефондор табылган. Ошондой эле, тыюу салынган буюмдар, анын ичинде баңгизат дагы табылган. Учурда, атайын кызмат анын турган…

Прочитайте больше

Кызматын өткөрүп берип жаткан муфтий Максат Токтомушев кармалды

Кызматын өткөрүп берип жаткан муфтий Максат Токтомушев кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчисине (Ж.Б.) карата жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кызматын өткөрүп берип кетип жаткан муфтий Максат ажы Токтомушевди кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 10-февралда кечинде кабарлады. Атайын кызмат билдиргендей, ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, ал кылмышты жасоого экс-муфтийдин катыштыгы бар экендигине далилдер алынды. Максат Токтомушев 10-февралда кылмышка шектүү катары кармалып жана УКМКнын тергөө камак…

Прочитайте больше

Мароккодогу жашыруун фабрикада кеминде 28 адам каза болду

Мароккодогу жашыруун фабрикада кеминде 28 адам каза болду

Мароккодо нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкыны бир топ адамдардын өмүрүн алып кетти. Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, Марокконун түндүгүндөгү Танжер шаарындагы мыйзамсыз текстиль фабрикасын сел каптап, кеминде 28 жумушчу каза болду.Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары өлкөнүн коопсуздук органдарына шилтеме берип, суу каптаган фабрика турак үйдүн жер төлөсүндө жайгашканын жазышты. Белгилей кетсек, Мароккодо тынымсыз нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып кеткен. Жер төлөөдө жайгашкан фабрикадан он жумушчу куткарылып, ооруканаларга жеткирилген, алардын өмүрүнө коркунуч жок. Каргаша болгон учурда заводдо канча…

Прочитайте больше

Танзаниядагы белгисиз оору 15 адамдын өмүрүн алды

Танзаниядагы белгисиз оору 15 адамдын өмүрүн алды

Танзанияда белгисиз инфекциядан улам 15 адам каза болуп, 50дөн ашууну ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “The Mirror” басылмасына шилтеме берип  жазды. Маалыматка караганда, кан кустурган табышмактуу оору азыркы тапка чейин 15 кишинин өмүрүн алды. Белгисиз инфекцияга кабылган адамдардын башы ооруп, кусуп, кан кусууда. Ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү эркектер, алар буга чейин боор оорулары менен жабыркаган. Танзаниянын ички иштер министри кырдаалдын масштабын баалоо үчүн эпидемиялык жайга бир нече эксперттер жиберилгенин жарыялады. Буга окшош оору 2018-жылы Танзаниянын батышында катталып,…

Прочитайте больше

Индияда мөңгү түшүп, 10 киши каза таап, 150сү дайынсыз болууда

Индияда мөңгү түшүп, 10 киши каза таап, 150сү дайынсыз болууда

Индиянын түндүгүндөгү Уттаракханд штатында мөңгү түшүп, 10 киши каза таап, 150сү дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Индиянын маалымат каражаттары маалымдашканын “IRNA” МА кабарлады. “India Today” телеканалы билдиргендей, Гималайдан түшкөн мөңгү Уттаракханд штатынын Чамули аймагындагы плотинаны бузуп, суу ташкынына алып келди. Кырсыктан улам жергиликтүү 10 тургун каза болуп, плотинада иштеген 150 жумушчу дайынсыз болууда. Уттаракханд штатынын башкы министри Ом Пракаш бул кырсык тез арада болуп, адамдарды эскертүүгө убакыт жетишпей калганын билдирди. Ал бул окуяда 100-150 адам курман болгон болушу мүмкүн…

Прочитайте больше

Сириядан Казакстандын 12 жараны кайтарылды

Сириядан Казакстандын 12 жараны кайтарылды

Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте жана АКШнын жана башка эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен Сириядан казак жарандарынын тобун мекенине кайтаруу операциясын жүргүздү. Бул тууралу “TopPress” маалымат-порталы жазды. Мекенине кайтарылгандардын ичинде 4 эркек, 1 аял жана 7 бала, анын ичинде 2 жетим бала бар. Улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык, террордук аракеттерге катышкан адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жетим балдар жакын туугандарынын кароосуна өткөрүлүп берилет жана мамлекет аларга бардык жардамдарды көрсөтөт. Аял…

Прочитайте больше

Түркия Ошко жаңы заманбап аэропорт курууга кызыкдар

Түркия Ошко жаңы заманбап аэропорт курууга кызыкдар

Түркия мамлекети Ош облусунун аймагына жаңы заманбап эл аралык аэропорт курууга кызыкдар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов жаңы аэропорттун курулушу пландалып жаткан жер менен таанышты. Бул үчүн Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылынан 10 гектар жер бөлүндү. Мындан мурда, Кытайлык жеке компания Ош облусуна жаңы аэропорт курууга кызыкдар болуп жаткан, бирок аэропорттун стратегиялык маанилүүлүгүн эске алуу менен сүйлөшүүлөр ийгиликке жеткен эмес. Азыркы учурда Түрк республикасы…

Прочитайте больше

Израиль Сирияга абадан сокку урду

Израиль Сирияга абадан сокку урду

Сионист режими шаршемби күнү кечинде Сириянын түштүгүнө абадан сокку урду. «Tasnim News» агенттиги “SANA” агенттигине шилтеме берип, шаршемби күнү кечинде Израилдин согуштук учактары Сириянын түштүгүндөгү Эль-Кунейтра провинциясына кол салышканын билдирди.“SANA” агенттиги Сирия армиясынын абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн түштүк аймагына атылган ракеталарды жерге түшөөрдөн мурун бутага алганга жетишкенин маалымдады.Сириянн айрым маалымат булактары Дамаск эл аралык аэропортунун чет жакалары жана Голан бийиктиктеринин өлкөгө тиешелүү бөлүгү Израиль армиясынын аба соккусундагы негизги буталары болгонун кабарлашты.Сириянын аскердик маалымат булагынын билдирүүсүнө ылайык,…

Прочитайте больше
1 86 87 88 89