Дүйнө калкынын 10%ында гана COVID-19га каршы иммунитет бар

Дүйнө калкынын 10%ында гана COVID-19га каршы иммунитет бар

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы илимий кызматкери Сумья Сваминатан жер шарындагы калктын 10 пайыздан азыраагында гана коронавируска каршы иммунитет бар экенин билдирди. Бул тууралуу “ir.Sputnik” агенттиги жазды. “ДССУ сероэпидемиологиялык изилдөөлөргө байкоо жүргүзөт – акыркы эсеп боюнча, мындай 500гө жакын изилдөөлөр болгон. Эгер бардык маалыматтарды кошсок, анда дүйнө калкынын 10%дан азыраагында гана коронавируска каршы иммунитет бар”, – деди Сваминатан. Ал ДССУнун  Твиттердеги баракчасына жарыяланган маегинде, уюм дүйнөнүн айрым шаарларындагы ооруунун очогу чыккан жерлерде аналитикалык изилдөө жүргүзүп  жаткандыгын айтып,…

Прочитайте больше

Өкмөттүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар планы бекитилди

Өкмөттүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар планы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык стабилдиүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чаралар планын бекитти. Биринчи кезектеги чаралар планы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашырууга багытталган. Бул тууралуу КРнын Өкмөт Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Документ 50 иш-чарадан турат жана аны аткаруу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин деп көрсөтүлгөн, алардын ишке ашырылышы төмөнкү багыттарда олуттуу жакшыртууларга жетишүүгө мүмкүндүк берет: – Калк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү,…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул маалыматты «Азаттык» радиосуна мамлекет башчынын басма сөз кызматы тастыктады. Ага ылайык, бул – Садыр Жапаровдун президент катары чет мамлекетке алгачкы расмий сапары. Президент Жапаров чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаган. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-февралда Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарыш үчүн биргелешип жигердүү иштешүүгө даяр экенин билдирген. Казакстан менен Кыргызстан КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу бир катар…

Прочитайте больше

БЧБнын (ЦРУ) мурдагы башчысы: Вашингтон Мухаммад бен Салмандын АКШга кирүүсүнө тыюу салышы керек

БЧБнын (ЦРУ) мурдагы башчысы: Вашингтон Мухаммад бен Салмандын АКШга кирүүсүнө тыюу салышы керек

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Жон Бреннан Вашингтон Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бен Салмандын кылмыштарына көз жумбашы керектигин баса белгилеп, анын АКШга кирүүсүнө тыюу салууга чакырды. Бул тууралуу “Mahr News” агенттиги “Daily Mail” басылмасына шилтеме берип кабарлады. 2013-жылдан 2017-жылга чейин БЧБны жетектеген Жон Бреннан америкалык MSNBC телеканалына берген маегинде АКШнын президенти Жо Байден Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бен Салмандын кылмыштарына көз жумбашы керек деди. Ал Салмандын саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүрүү аракетин кескин сынга алып, Вашингтонду саудиялык мураскер ханзааданы АКШга…

Прочитайте больше