Президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанга расмий сапар менен барат.

Бул маалыматты «Азаттык» радиосуна мамлекет башчынын басма сөз кызматы тастыктады. Ага ылайык, бул – Садыр Жапаровдун президент катары чет мамлекетке алгачкы расмий сапары.

Президент Жапаров чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-февралда Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарыш үчүн биргелешип жигердүү иштешүүгө даяр экенин билдирген.

Казакстан менен Кыргызстан КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу бир катар уюмдарга мүчө. Акыркы 4-5 жылдан бери эки өлкөнүн чек арасындагы шарттар ишкерлерге жана жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан учурлар көп катталган. Казакстан муну Кыргызстандан аткезчилик жол менен кирген товарлардын агымына бөгөт коюу аракети менен түшүндүргөн. (ZKo)

https://www.azattyk.org/a/31126846.html

Комментарий жиберүү