Тажикстанда Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандар күч алды (видео)

Тажикстанда Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандар күч алды (видео)

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылган эстафета башталды. «Ислох» сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин баштап берген бул эстафетаны ондогон жөнөкөй тажикстандыктар колдоого алып, бийликке карата өздөрүнүн ачык кебин, ачуу сөзүн айта баштады. Бул тууралуу “Полит Клиника” сайты жарыялады. Тажикстандын баардык облус, шаарларынан активисттер чыгып, «Эмомали Рахмонго импичмент жарыялайбыз»,- деген видео тартып, бири-бирине эстафета кылышууда. Эстафеталык видео кайрылууларды «Ислох» сайты жазган. Видео кайрылууларда «Эмомали Рахмон 28 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган-уругу, бала-чакасы менен тажик улутун, Тажик мамлекетин…

Прочитайте больше

БАЭ жөнөткөн 54 тонна тамак – аш түрүндөгү гумжардам Баткенге жеткирилет

БАЭ жөнөткөн 54 тонна тамак – аш түрүндөгү гумжардам Баткенге жеткирилет

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, кечээ, 29-апрелде БАЭ өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам “Etihad Airways” авиакомпаниясынын атайын каттамы менен “Манас” эл аралык аэропортуна келип түштү. “Манас” эл аралык аэропортунда гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу процессине өлкөнүн Саламаттык сактоо жана…

Прочитайте больше

Сауд Аравия Түркия менен касташууга жана Иран менен жарашууга кадам таштады

Сауд Аравия Түркия менен касташууга жана Иран менен жарашууга кадам таштады

Айрым маалымат булактары билдиргендей, акыркы убактарда Сауд Аравия Иранга болгон саясатын өзгөртүүдө. Тагыраак айтканда, 5 жылдай үзүлгөн дипломатиялык мамилелерин жандандырууну кааларын Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Бен Салман билдирди. Ошол эле убакта өлкөдө Түркияга карата бойкот жарыялануу менен түрктөрдүн бир канча мектептери жабылууда.Эр-Рияд менен Анкаранын ортосундагы чыңалуудан улам, Сауд Аравиянын стратегиялуу шаарларындагы 8 түрк мектеби жылдын аягына чейин толук жабылаары аныкталды. Эки өлкөнүн акыркы эки жылдагы дипломатиялык мамилелеринин бузулуусу эмне себептен болууда? Албетте, тарыхта түрктөр менен арабдар дос…

Прочитайте больше

Израилде диний майрамда тепсендиде калып каза тапкандардын саны 44кө жетти

Израилде диний майрамда тепсендиде калып каза тапкандардын саны 44кө жетти

Израилде Лаг ба-Омер диний майрамында тепсендиде калып каза тапкандардын саны 44кө, жаракат алгандардын саны 100дөн ашты. Бул тууралуу Jerusalem Post басылмасы жазды. Буга чейин 38 адам каза болгондугу тууралуу айтылган. Раввин Шимон Бар Йохаянын Мерон тоосундагы бейитинин жанына жөөттөрдүн Лаг ба-Омер майрамын белгилөө коронавируска байланыштуу чектөөлөр алынып салынгандан кийин Израилдеги биринчи массалык иш-чара болду. Полиция бул иш-чарага 100 миңге чукул адам катышып жаткандыгын билдирди. Майрам учурунда жаракат алгандарды жана курман болгондордун сөөктөрүн эвакуациялоого өлкөнүн  аскер…

Прочитайте больше

Коронавирус эпидемиясы климатка кандай жакшы таасир берди?

Коронавирус эпидемиясы климатка кандай жакшы таасир берди?

Эпидемиядан улам Гималайдагы карлардын эриши жайлады.Эл аралык климатологдор тобу 2020-жылы Гималайдын тоо этектериндеги мөңгүлөрдүн жана карлардын эриши Индияда өнөр жай жана автоунаалар бөлүп чыгарган чаңдын көлөмүнүн 30% азайгандыгына байланыштуу кескин басаңдагандыгын аныкташты. Изилдөөчүлөр, абанын тазаланышы кардын эришин кескин басаңдатып, эриген суунун көлөмүн болжол менен 6,55 кубометрге азайтканын белгилешкен.Ошондой эле коронавирустук инфекциянын Кытайга, андан кийин бүткүл дүйнө жүзүнө жайылышы ондогон өлкөлөрдө өнөр жай өндүрүшүнүн, унаа трафигинин жана башка көптөгөн булактардын кескин төмөндөшүнө алып келген. Натыйжада аба…

Прочитайте больше

Фитр садакасы

Фитр садакасы

Суроо: Фитр садакасынын мааниси кандай? Кимдер фитр берүүсү керек? ЖООП Керектелип жаткан буюмдан жана карыздарынан артык зекет нисабынчалык мал-мүлкү, акчасы болгон мусулмандын фитр берүүсү важиб болот. Нисабга ээ эмес болсо фитр берүү важиб болбойт, бирок, берсе жакшы болот. Хадиси шарифте айтылган: “Фитр садака байларыңарга тазкийа. (Тазкийа тазартуу, тазалоо дегенди билдирет.) Кедейлериңер да берсе Аллаху таала аларга андан көбүн берет.” [Абу Давуд] “Рамазан орозосу көк менен жердин арасында турат. Фитр садака берилгенде көтөрүлөт.” [Абу Хафс] “Фитр садака орозолуу адамдын орунсуз сөздөрүнөн пайда болгон…

Прочитайте больше

Кимдердин дубасы макбул

Кимдердин дубасы макбул

Суроо: Кайсы кишилердин дубалары макбул (б.а., дубасы кабыл болгон кишилер кимдер)? ЖООП Ажылардын, мужахиддердин, дарттуулардын, оорулуудардын, карыптардын, зулум көрүп жаткандардын, жолчулардын, эне-атанын, балээ келүүдөн мурда дуба кылгандын, көп зикир кылгандын, мусулмандыкта чачтарын агарткандын, орозолуунун, салих аалымдын жана адилеттүү башкаруучунун дубалары кабыл болот. Хадиси шарифтерде мындай делүүдө: «Ушул төрт дуба кайтарылбайт: Дин боордошу жок кезде анын артынан кылынган дуба. Сакайганга чейин оорулуунун, кайтканга чейин ажылыкка жана жихадга кеткендин дубасы.» [Дайлами] «Дарттуунун дубасын олжо деп билгиле.» [Абушшейх] «Орозолуунун дубасы кайтарылбайт.» [Тирмизи]…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп жатат

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп жатат

 29-апрель күнү таңга маал Баткен районунун Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу учуру катталды.  Маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө, Баткен районунун Көк-Таш айыл аймагында 50-60тай айылдын кары-картаң кишилери, аялдары мечитте топтолуп турат. Жергиликтүү тургундар Ош-Исфана жолунун Жака-Өрүк участогу жабылып, каттам токтогонун, тажик тарап жолду тосуп алып каттагандарды өткөрбөй ок атып жатканын, Кыргызстандын бир жаранына ок тийгенин билдиришти. Баткен облусттук ички иштер башкармалыгы 29-апрелде түнкү саат бирлер чамасында “Головной” тилкесинде чогулган эки тараптын эли таркап кеткенин, абал…

Прочитайте больше

COVID-19: Дүйнө жүзү боюнча жуктуруу учурларынын саны 150 миллионго жетти

COVID-19: Дүйнө жүзү боюнча жуктуруу учурларынын саны 150 миллионго жетти

Коронавирустук инфекциянын мутант штаммдарынын таралышына байланыштуу ооругандар көбөйүп, дүйнөдө ооруну жуктуруп алгандардын жалпы саны 150 миллиондон ашты. Бул тууралуу Worldometer сайты маалымдады.Аталган сайттын статистикасы боюнча бүгүн, бейшемби күнү эртең менен дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 150 041 930 адамга жетти. Илдеттен каза тапкандардын саны 3 158 423 адам каза болду. Ал эми илдеттен жалпы 127 560 722 адам айыгышты. Коронавирустун мутацияланган штаммдарынын, анын ичинде Британия, Бразилия, Түштүк Африка жана Индияда чыккан түрлөрүнүн жайылышынан улам…

Прочитайте больше

Кыргызстан Тажикстан менен кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү ниетин билдирди

Кыргызстан Тажикстан менен кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү ниетин билдирди

Президент Садыр Жапаров Өкмөт мүчөлөрү менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн, бул кырдаалга тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтары угулду. Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү…

Прочитайте больше

Бишкекте электромобилдердин биринчи жүрүшү өттү

Бишкекте электромобилдердин биринчи жүрүшү өттү

Бүгүн Бишкек шаарында биринчи жолу электромобилдердин жана экобайктардын жүрүшү өттү. Иш-чарага “Eurasia Today” агенттигинин корреспонденти жеке өзү катышып, анын кандай өткөнүн айтып берди. Жүрүш  эртең мененки саат 10:00дө “Ден-соолук” сейил багынын түндүк тарабынан –  М.Гшлессера көчөсүнөн башталды. Жарышты борбор калаанын мэри Бактыбек Кудайбергенов  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ)  башчысынын милдетин аткаруучу Ногойбаев Азамат менен биргеликте ачты. Мындан тышкары, мэр ШИИБ башчысына полиция экобайкынын ачкычын тапшырды. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан “Ecobike” компаниясынын колдоосу менен 29-апрелде белгиленүүчү Бишкек шаарынын күнүнө карата…

Прочитайте больше

Эгер эл каршы болсо, казинолор ачылбайт

Эгер эл каршы болсо, казинолор ачылбайт

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүктөр үчүн кумар оюндары жөнүндө мыйзам долбоору боюнча кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуштайт. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бардык тараптардын пикирлерин эске алуу үчүн чет мамлекеттердин жарандарына өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарынын ишин жандандырууну караштырган «Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча ар кандай аянтчаларда кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуш кылат. Бул тууралуу ПрезиденттинАппаратынын маалымат кызматы билдирди. Эгерде коомчулук чет мамлекеттердин жарандары үчүн өлкөнүн айрым аймактарында…

Прочитайте больше

Индияда бир суткада коронавирустан 3 миңден ашык киши каза болду

Индияда бир суткада коронавирустан 3 миңден ашык киши каза болду

Коронавирус чыккандан бери Индияда акыркы 24 саатта коронавирустун курмандыктарынын саны 3 миңден ашты. Акыркы статистикага ылайык, коронавирус эпидемиясы башталгандан бери Индияда акыркы бир сутканын ичинде каза тапкандардын саны 3280 адамга жетти. Ал эми өлкөдө илдет катталгандан бери анын кесепетинен көз жумгандардын жалпы саны 200 миңден ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты. Экинчи жагынан, бул өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны дагы деле тездик менен өсүүдө жана акыркы 24 саатта 362 миңден ашуун учур катталды.  Worldometer…

Прочитайте больше

«Бир топ адам өлүшү мүмкүн»: Илон Маск Марсты колонизациялоо жөнүндө чындыкты айтты

«Бир топ адам өлүшү мүмкүн»: Илон Маск Марсты колонизациялоо жөнүндө чындыкты айтты

Америкалык ишкер, миллиардер жана SpaceX компаниясынын жетекчиси Илон Маск адамдын Марска учушу кандай болору жөнүндө айтып берди. Ал Марсты багындыруу кооптуу, узак жана татаал саякат болорун жана албетте, ал жерден кайтып келбей калуу тобокелдиги жогору экенин моюнга алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды. “Ооба, өлүп калышыныз мүмкүн. Ыңгайсыз болот, балким, сизде жакшы тамак-аш жана башка нерселер болбой калышы мүмкүн”, – деди ал X Prize фондунун башчысы Питер Диамандис менен болгон маегинде. Маск муну билген миңдеген адамдар Кызыл…

Прочитайте больше

Орозо кафараты

Орозо кафараты

Суроо: Рамазан күнү орозону бузуп, кафарат талап кылган жагдайлар кайсылар? ЖООП Булар: 1- Билип туруп жеп-ичүү. 2- Жыныстык катнашта болуу. 3 – Рамазанда каза талап кылчу бир нерсе кылып орозосу бузулган адамдын ошол эле Рамазандын башка күнү ушул нерсени “баары бир кафарат талап кылбайт деп» атайылап кайрадан кылса. 4- Тамеки тартуу. 5- Гыйбат, сүрмө сүртүү жана кан алдыруу сыяктуу орозону бузбай тургандыгы жакшы билинген нерседен кийин орозом бузулду деп ойлоп жеп-ичүү. Суроо: Орозонун кафараты барбы? ЖООП Албетте, бар. Түндөн ниет кылган орозосун атайылап бузууга кафарат керек экендиги…

Прочитайте больше
1 2 3 8