COVID-19: Дүйнө жүзү боюнча жуктуруу учурларынын саны 150 миллионго жетти

Коронавирустук инфекциянын мутант штаммдарынын таралышына байланыштуу ооругандар көбөйүп, дүйнөдө ооруну жуктуруп алгандардын жалпы саны 150 миллиондон ашты.

Бул тууралуу Worldometer сайты маалымдады.
Аталган сайттын статистикасы боюнча бүгүн, бейшемби күнү эртең менен дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 150 041 930 адамга жетти. Илдеттен каза тапкандардын саны 3 158 423 адам каза болду. Ал эми илдеттен жалпы 127 560 722 адам айыгышты.

Коронавирустун мутацияланган штаммдарынын, анын ичинде Британия, Бразилия, Түштүк Африка жана Индияда чыккан түрлөрүнүн жайылышынан улам көптөгөн өлкөлөрдө кырдаал курчуп, дүйнө жүзү боюнча илдетти жуктургандардын саны 150 миллиондон ашып отурат.

Вирус жайылган өлкөлөрдүн ичинен жуктуруулардын саны боюнча АКШ 33 миллионго жакын учур менен биринчи орунда турат. Өлкөдө илдеттен каза болгондордун саны 577 миңге жетип, өлүм боюнча да алдынкы орунда.

Акыркы антирекорд Индияда коюлду, сутка ичинде 362 миңден ашуун учур катталды. Өлкөдө эпидемиялык абал кызыл сызыкта турат. Ооруканаларда дары-дармек жана жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз болуп жатканы жана илдеттен өлгөндөрдүн саны көп болгондуктан, крематорийлерде орун жок маркумдардын сөөгү күнү-түнү көчөлөрдө өрттөлүп жатканы, борбору Дели шаарында эле ар бир төрт мүнөт сайын бирден киши каза таап жактаны маалымдалган.

Комментарий жиберүү