Бишкекте электромобилдердин биринчи жүрүшү өттү

Бүгүн Бишкек шаарында биринчи жолу электромобилдердин жана экобайктардын жүрүшү өттү.

Иш-чарага “Eurasia Today” агенттигинин корреспонденти жеке өзү катышып, анын кандай өткөнүн айтып берди.

Жүрүш  эртең мененки саат 10:00дө “Ден-соолук” сейил багынын түндүк тарабынан –  М.Гшлессера көчөсүнөн башталды.

Жарышты борбор калаанын мэри Бактыбек Кудайбергенов  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ)  башчысынын милдетин аткаруучу Ногойбаев Азамат менен биргеликте ачты. Мындан тышкары, мэр ШИИБ башчысына полиция экобайкынын ачкычын тапшырды.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан “Ecobike” компаниясынын колдоосу менен 29-апрелде белгиленүүчү Бишкек шаарынын күнүнө карата уюштурулду.

Уюштуруучулар бул жүрүш менен шаар тургундарын айлана-чөйрөнү сактоого чакырышты.

Жүрүшкө авто сүйүүчүлөр, мотобайкерлер, велосипедисттер, электросамокат айдагандар жана гироскутер тепкендер катышты. Иш-чара 100дөн ашуун катышуучунун башын бириктирди.

Колонна Ч. Айтматов проспектиси менен А. Масалиев көчөсүнө көтөрүлүп, ал жерден чыгышка карай Токомбаев жана Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, “Ден-соолук” сейил багына Токтоналиев көчөсү менен кайтып келди.

Айдоочуларды МАИнин унаалары жана эки тез жардам унаасы коштоп жүрдү.

Жүрүштүн маршруту боюнча жолдун унаа жүрүү бөлүгү жарым-жартылай чектелген. Жол колонна өткөндөн кийин дароо ачылды.

Комментарий жиберүү