«Бир топ адам өлүшү мүмкүн»: Илон Маск Марсты колонизациялоо жөнүндө чындыкты айтты

Америкалык ишкер, миллиардер жана SpaceX компаниясынын жетекчиси Илон Маск адамдын Марска учушу кандай болору жөнүндө айтып берди.

Ал Марсты багындыруу кооптуу, узак жана татаал саякат болорун жана албетте, ал жерден кайтып келбей калуу тобокелдиги жогору экенин моюнга алды.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

“Ооба, өлүп калышыныз мүмкүн. Ыңгайсыз болот, балким, сизде жакшы тамак-аш жана башка нерселер болбой калышы мүмкүн”, – деди ал X Prize фондунун башчысы Питер Диамандис менен болгон маегинде.

Маск муну билген миңдеген адамдар Кызыл планетаны биринчилерден болуп багындырууну кыялданарын белгиледи. Анын айтымында, Марска барууну каалагандардан арыздар күн сайын көп санда түшөт.

Ал ыктыярчыларды кандай тагдыр күтүп турарын жашырган жок. Маск эч ким Марска барууга мажбурланбай тургандыгын баса белгилеп, бул чечимди адам өзү үчүн кабыл алат деп билдирди.

“Чынын айтканда, башында бир топ адам өлүп калышы мүмкүн. Ал жакка (Марска) жетүү оңой эмес”, – деп баса белгиледи ишкер.

Илон Маск ошондой эле адамзат Айга кайтып барып, ал жерде туруктуу база түзүү үчүн жана кийин Марста шаар курууга аракет кылышы керек деди.  Ал адамзат “бир нече планетанын өкүлү” болууга умтулушу керек деди.

Учурда SpaceX компаниясы Кызыл планетага алгачкы колонизаторлорду жибере турган Starship космос кемесин куруунун үстүндө жигердүү иштеп жатат. Starship космос кемеси 100 кишиге ылайыкталган. Буга чейин, акыркы бир нече сыноолор ийгиликтүү болбой калган, бирок компания кемчиликсиз кемени курууга жардам бере турган мүчүлүштүктөрдү жигердүү чечип жатканын билдирди.  

Эске салсак, SpaceX Марска адамдарды 2030-жылга чейин жөнөткөнү жатат, бирок Масктын айтымында, ал алда канча эрте – 2026-жылы болушу мүмкүн.

Ал эми 2024-жылы SpaceX космос кемеси НАСАнын астронавттарын Айга жеткириши керек – ал жерге стационардык база куруу пландаштырылууда.

Комментарий жиберүү