БАЭ жөнөткөн 54 тонна тамак – аш түрүндөгү гумжардам Баткенге жеткирилет

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш түрүндөгү гуманитардык жардам келди.

Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, кечээ, 29-апрелде БАЭ өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам “Etihad Airways” авиакомпаниясынын атайын каттамы менен “Манас” эл аралык аэропортуна келип түштү.

“Манас” эл аралык аэропортунда гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу процессине өлкөнүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү, Тышкы иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Бул гуманитардык жардам жакын арада Баткен аймагына жеткирилет.

Комментарий жиберүү