Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп жатат

 29-апрель күнү таңга маал Баткен районунун Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу учуру катталды.

 Маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө, Баткен районунун Көк-Таш айыл аймагында 50-60тай айылдын кары-картаң кишилери, аялдары мечитте топтолуп турат.

Жергиликтүү тургундар Ош-Исфана жолунун Жака-Өрүк участогу жабылып, каттам токтогонун, тажик тарап жолду тосуп алып каттагандарды өткөрбөй ок атып жатканын, Кыргызстандын бир жаранына ок тийгенин билдиришти.

Баткен облусттук ички иштер башкармалыгы 29-апрелде түнкү саат бирлер чамасында “Головной” тилкесинде чогулган эки тараптын эли таркап кеткенин, абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тууралуу маалымат берип, азыр абал чыңалган абалда деген.

“Головной” тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан үч адамга таш тийип жарадар болду.

УКМК Чек ара кызматы тажик тарап маалыматтарды бурмалап, эки элди козутуп жатканы тууралуу билдирүү таркатты.

Комментарий жиберүү