Президент С. Жапаров БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясында сөз сүйлөйт

Президент С. Жапаров БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясында сөз сүйлөйт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Бангкокто (Тайланд) видеоконференция форматында өтө турган Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясынын ачылышына катышат. Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, аталган Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү жана коронавирус пандемиясы учурунда региондо экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу жөнүндө көз карашын билдирет. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясына…

Прочитайте больше

COVID-19: Индияда крематорийлерде орун жок өлгөндөрдүн сөөгү көчөдө эле өрттөлүүдө

COVID-19: Индияда крематорийлерде орун жок өлгөндөрдүн сөөгү көчөдө эле өрттөлүүдө

Индияда коронавирус илдетинен өлгөндөрдүн саны көп болгондуктан, крематорийлерде орун жок маркумдардын сөөгү күнү-түнү көчөлөрдө өрттөлүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Индия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча төртүнчү күндүн рекордун жаңыртууда – бул өлкөдө күнүнө 360 миңден ашуун жаңы учур катталууда. Күнүнө бир нече миң адам көз жумууда. Баш калаада эле төрт мүнө сайын бирден киши каза таап жактанын Reuters агенттиги жазды. Расмий түрдө, күн сайын 3 миндин тегерегиндеги киши каза болууда, бирок жергиликтүү тургундар өлгөндөрдүн саны андан…

Прочитайте больше

Индонезия: Дайынсыз болуп жаткан 53 кишиси бар суу астында жүрүүчү кеменин калдыктары табылды

Индонезия: Дайынсыз болуп жаткан 53 кишиси бар суу астында жүрүүчү кеменин калдыктары табылды

Индонезиянын президенти Жоко Видодо Бали деңизинде 21-апрелден бери дайынсыз болуп, изделип жаткан суу астында жүрүүчү кеменин 53 мүчөсү каза болгонун расмий тастыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.“Мага деңиз флотунан жана армиядан кеме чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келди. Индонезиялыктар суу алдында жүрүүчү кеменин баардык мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат”, – деди ал.Кемени издөө иштери 21-апрелден 24-апрелге чейин, Индонезиянын деңиз аскер күчтөрү суу астында сүзүүчү кеме чөгүп кеткендигин жарыялаганга чейин уланган. Кемеде запаста 72 саатка…

Прочитайте больше

Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев дүйнөдөн кайтты

25-апрелде катуу оорудан улам Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» ордени жана «Даңк» медалынын ээси Бексултан Жакиев 85 жаш курагында каза болду. Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Ал 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1960-1962-жылдары Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда окуган. Эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында редакторлуктан баштаган. Андан кийин 1963-1968-жылдары Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинде, 1972-1975-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик кинематография комитетинде…

Прочитайте больше

АКШнын президенти армяндар геноцидин тааныды, Түркия менен Азербайжан буга кандай жооп берди?

АКШнын президенти армяндар геноцидин тааныды, Түркия менен Азербайжан буга кандай жооп берди?

АКШ президенти Жо Байден 1915-жылы Осмон империясындагы армяндардын массалык кыргын жана депортация болушун геноцид деп тааныды. Бул тууралуу Би Би Си билдирди.  “Америка эли 106 жыл мурун башталган геноцидде курман болгон бардык армяндарды урматтап эскерет”,- деди Байден. Ал эми Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Байденге жолдогон катында “бүткүл дүйнөдөгү армяндар геноциддин таанылышын чоң шыктануу менен кабыл алышты. Бүгүнкү күндө АКШ бийлиги адам укуктарын жана гуманитардык баалуулуктарды коргоого болгон умтулуусун биротоло тастыктады”,- деп билдирген. Ошондой эле Армениянын Тышкы иштер министрлиги АКШ…

Прочитайте больше