COVID-19: Индияда крематорийлерде орун жок өлгөндөрдүн сөөгү көчөдө эле өрттөлүүдө

Индияда коронавирус илдетинен өлгөндөрдүн саны көп болгондуктан, крематорийлерде орун жок маркумдардын сөөгү күнү-түнү көчөлөрдө өрттөлүп жатат.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Индия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча төртүнчү күндүн рекордун жаңыртууда – бул өлкөдө күнүнө 360 миңден ашуун жаңы учур катталууда. Күнүнө бир нече миң адам көз жумууда. Баш калаада эле төрт мүнө сайын бирден киши каза таап жактанын Reuters агенттиги жазды. Расмий түрдө, күн сайын 3 миндин тегерегиндеги киши каза болууда, бирок жергиликтүү тургундар өлгөндөрдүн саны андан алда канча көп дешет.

Көчөдөгү крематорийде эмгектенген жумушчулардын бири өлкөсүндөгү учурдагы абалды согуш жүрүп жаткандай эле болуп жатат деп билдирди.

Өлкөнүн медициналык мекемелери медициналык кычкылтектин, дары-дармектердин жана бош керебеттердин жетишсиздигине туш болушууда.

Индиянын Ооруларды көзөмөлдөө боюнча улуттук борбордун директору Суджит Сингх өлкөдө вирустун күч алышына COVID-19дун “британиялык”, “түштүк африкалык” жана “бразилиялык” штаммдары жана анын кош мутациялык варианты себеп болууда деп билдирди.

Өлкөнүн премьер-министри Нарэндра Моди коронавирустун жаңы толкуну Индияны катуу бороондой каптады деп билдирди.

Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө 16,9 миллион адам коронавируска чалдыгып, 192 минден ашууну каза тапты. Бул көрсөткүч боюнча Индия вирустун жайылышы боюнча дүйнөдө АКШдан кийин эле турат.

Коронавирус чабуулуна туш болгон Индияга Европа Биримдиги жардам берүүнү убада кылууда. Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйендин айтымында, Европа өлкөлөрү бул үчүн ресурстарды топтоп жатышат. Улуу Британиянын өкмөтү өз кезегинде Индияга жасалма дем алдыруучу аппараттарды кошо алганда 600 даана медициналык жабдыктарды жөнөттү. Германиянын канцлери Ангела Меркель Индия менен тилектештигин билдирип, шашылыш жардам даярдалып жаткандыгын жарыялады.

Комментарий жиберүү