Президент С. Жапаров БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясында сөз сүйлөйт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Бангкокто (Тайланд) видеоконференция форматында өтө турган Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясынын ачылышына катышат.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, аталган Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү жана коронавирус пандемиясы учурунда региондо экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу жөнүндө көз карашын билдирет. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясына мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери катышат.

Уюмдун 77-сессиясы 2021-жылдын 26-апрелинен 29-апрелине чейин өтөт. Анда “Азия-Тынч океан регионундагы кызматташуунун негизинде “мурдагыга караганда жакшы” принциби менен кризистик кырдаалдан чыгуу” темасы талкууланат.

Иш-чара Бишкек убактысы боюнча саат 12: 00дө башталат. Түз эфирдин шилтемеси – https://www.youtube.com/watch?v=UMDhVO6iBpQ

Комментарий жиберүү