АКШнын президенти армяндар геноцидин тааныды, Түркия менен Азербайжан буга кандай жооп берди?

АКШ президенти Жо Байден 1915-жылы Осмон империясындагы армяндардын массалык кыргын жана депортация болушун геноцид деп тааныды.

Бул тууралуу Би Би Си билдирди.  “Америка эли 106 жыл мурун башталган геноцидде курман болгон бардык армяндарды урматтап эскерет”,- деди Байден.

Ал эми Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Байденге жолдогон катында “бүткүл дүйнөдөгү армяндар геноциддин таанылышын чоң шыктануу менен кабыл алышты. Бүгүнкү күндө АКШ бийлиги адам укуктарын жана гуманитардык баалуулуктарды коргоого болгон умтулуусун биротоло тастыктады”,- деп билдирген.

Ошондой эле Армениянын Тышкы иштер министрлиги АКШ президентинин кайрылуусу Армян геноцидинин глобалдык таанылышына жана геноциддердин алдын-алууга чоң салым болгонун белгилеген.

Эске салсак, Байден геноцидди шайлоо өнөктүгү учурунда бир жыл мурун ошол эле күнү таанууга убада берген.

Ал эми АКШ президентинин мындай билдирүүлөрүнө жооп катары Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия армян геноцидин АКШ тарабынан таанылышын толугу менен четке кагарын билдирди.

Буга кошумча Баку, Байдендин позициясын тарыхтын бурмаланышы жана аны саясий кысым катары колдонуу аракети деп эсептээрин билдирди.

“100 жылдан ашуун мурунку окуяларды туура эмес чагылдыруу, бирок ошол эле учурда Армения тарабынан жасалган Хожалыдагы азербайжандардын геноцидине адилеттүү баа берилбегендиги – бул бир тараптуулуктун жана кош стандарттуулуктун көрсөткүчү”, – деп айтылат Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

“Азыркы Түркия, 1915-жылдагы Осмон империясында бир жарым миллионго чейин армян кырылып, геноцид болгонун жана башка өлкөлөр тарабынан геноцид деп таанылышына каршы билдирүүлөрдү тааныбайт. Анткени, биринчиден, ал улуттук чечмелөөнүн актуалдуу маселесине, тарыхына байланыштуу. Экинчиден, түрктөр Армениянын жана диаспоранын компенсация төлөп берүү талабынан коркушат”, деп жазат Би-Би-Си.

Эске салсак, геноцид фактысын 23 мамлекет, ошондой эле Европа Парламенти жана Бүткүл Дүйнөлүк Чиркөөлөр Кеңеши тааныган. 1995-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасы “1915-1922-жылдардагы армян элинин тарыхый мекенинде – Батыш Арменияда геноцидди айыптоо жөнүндө” токтом кабыл алган.

2019-жылы ушундай эле резолюция АКШ Конгрессинин эки палатасы – Сенат жана Өкүлдөр палатасы тарабынан кабыл алынган. Түркия салттуу түрдө айыптоолорду четке кагып келет.

Ушул жумада төмөнкү палатанын 100 мүчөсү Байденди 1915-жылдагы окуяларды геноцид деп табууга үндөгөн армян диаспорасы тарабынан катка кол коюшту.

Ал эми “Армян кыргынын” таанууга жооп иретинде Азербайжан президенти Ильхам Алиев Байдендин кайрылуусуна “кабыл алынгыс тарыхый ката”- деген баа берген.

Белгилей кетсек, Азербайжан Республикасынын Президенти “армян геноцидин” таануу боюнча америкалык кесиптешинин аракетин катуу сындап, муну “жол берилгис” иш-аракет жана “тарыхый ката” деп атады. Тагыраак айтканда, “Ильхам Алиев” 1915-жылы Осмон империясы тарабынан армяндарды кыргынга учураткан жана депортациялаган “геноцид” деп атаган АКШ президенти Жо Байден жөнүндө сын пикирин билдирген.

Буга кошумча Ильхам Алиев жана анын түрк кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүдө АКШ өкмөтүнүн аракетин чогуу айыпташты. Азербайжан Республикасынын Президенти ошондой эле “Жо Байдендин” билдирүүлөрү аймактагы кызматташтыкка олуттуу зыян келтирерин айтты жана Баку ар дайым Анкаранын жанында болорун баса белгиледи. Ишемби күнү Эрдоган АКШнын президенти Джо Байдендин  Осмон империясынын тушунда “армян геноцидин таануу” жөнүндөгү АКШ президентинин билдирүүсүн айыптап, муну саясий эксплуатация деп атады.

“Түркия түрктөр менен армяндардын ортосундагы жанаша жашоо маданиятынын жоголушуна жол бербейт.”

Ошондой эле АКШнын “Армян кыргынын” таанууга жооп иретинде Түркиянын Тышкы иштер министрлиги АКШ элчиси Дэвид Стурфилдди чакырып, АКШ президентинин акыркы аракетине нааразычылыгын билдирди.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги АКШ элчисинин чакырылышын Анкаранын “чечкиндүү жообу” деп атады.

Комментарий жиберүү