Орусиянын ТИМ жетекчиси Тегеранга барат

Орусиянын ТИМ жетекчиси Тегеранга барат

Орусиянын Тышкы иштер министри ирандык кесиптешинин чакыруусу менен жакында Тегеранга барат. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 13-апрелде иш сапары менен Иранга барат.Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы  Мария Захарова өлкөнүн ТИМ жетекчиси Сергей Лавров 13-апрелде ирандык кесиптеши менен эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо үчүн Тегеранга барат.“Жолугушууда маанилүү эл аралык көйгөйлөр, анын ичинде өзөктүк программа боюнча Биргелешкен иш- аракеттердин планы боюнча абал, ошондой эле Сирия, Ооганстан, Йемен жана Перс булуңундагы кырдаал тууралуу талкуу…

Прочитайте больше

Эмомали Рахмон Ворух анклавына барат

Эмомали Рахмон Ворух анклавына барат

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Исфарадагы Ворух анклавына барат. Маалыматты президенттин басма сөз кызматы “Азия-Плюс” МА тастыктады. Маалыматка караганда, президент иш сапарынын алкагында Согди облусунун шаарларына жана райондоруна барат. Ал Худжанд, Истаравшан, Гулистон жана Исфара шаарына барат. Облустук администрациядагы “Азия-Плюс” маалымат агенттигинин булагы билдиргендей, президент Согди облусунда 5-апрелден, 8-апрелге чейин болот. Өлкө лидеринин Ворухка сапары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүн талкуулоонун фонунда болот. Ташиев өткөн жумада кыргыз…

Прочитайте больше

Тайванда 350 жүргүнчүсү бар поезд рельстен чыгып кетип, 36 киши каза тапты

Тайванда 350 жүргүнчүсү бар поезд рельстен чыгып кетип, 36 киши каза тапты

Тайвандын түндүгүндө поезд рельстен чыгып кетип, кырсыктан кеминде 36 адам каза болуп, 61и жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдаганын “IRNA” агенттиги кабарлады. “Reuters” агенттиги маалымдагандай, жүргүнчүнү ташыган поезд Тайвандын түндүк-чыгышындагы Хуаялянь уездиндеги “Дацин” туннелинде кырсыктады. Азырынча поезддин төрт вагонунан 100дөй жүргүнчү эвакуацияланды, бирок куткаруучулардын калган үч вагонго кирүүсү мүмкүн болбой жатат. Кырсыкка темир жолдун жанында туура эмес токтоп, темир жолго оодарылып кеткен жүк ташуучу унаа себеп болгон. 2018-жылы дагы Тайвандын түндүк-чыгышында поезд рельстен чыгып кетип, 18…

Прочитайте больше

Ээгиңиздин астына беткап кийүүнүн кандай коркунучтары бар?

Ээгиңиздин астына беткап кийүүнүн кандай коркунучтары бар?

Беткап кийүү коронавирус оорусунун алдын алуунун эң маанилүү жолдорунун бири. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору адамдарды беткапты ээгинин астына же чекесине кийбөөгө чакырган видео жарыялады. Себеби мындай кылуу вирустун жайылышынын алдын албайт жана беткаптын ээси үчүн дагы кооптуу экенин билдирди. Бирок, мындай кылуу туура эмес экенин билсе дагы, кээде адамдар тамак жегенде, ичкенде же сүйлөп жатканда беткапты ээгинин астына кийип алганын көрүп жүрөбүз. Белгилей кетсек, беткап кийүүнүн негизги максаты…

Прочитайте больше

Кыргызстанда вакцина алгандардын кээ биринин дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, алсыздык байкалууда

Кыргызстанда вакцина алгандардын кээ биринин дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, алсыздык байкалууда

“Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцина алган жарандардын абалын айтты. Анын айтымында, ар бир эмделген жарандын маалыматы электрондук сайтка киргизилип, дарыгердин көзөмөлүндө. “Бүгүнкү күндө 500дөй адам вакцина алды. Ар бир күнү эртең менен жана кечинде эмдөөдөн өткөн жарандардын абалын сурап турабыз. Вакцина алгандардын 2-3 пайызынын дене табы көтөрүлүүдө, 3,5 пайыз жарандардын башы ооруп жатат, 6-7 пайызында алсыздык байкалууда. Калгандарынын абалы жакшы”, – дейт ал. Бейшеналиев мурда коронавирус…

Прочитайте больше