Эмомали Рахмон Ворух анклавына барат

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Исфарадагы Ворух анклавына барат. Маалыматты президенттин басма сөз кызматы “Азия-Плюс” МА тастыктады. Маалыматка караганда, президент иш сапарынын алкагында Согди облусунун шаарларына жана райондоруна барат. Ал Худжанд, Истаравшан, Гулистон жана Исфара шаарына барат. Облустук администрациядагы “Азия-Плюс” маалымат агенттигинин булагы билдиргендей, президент Согди облусунда 5-апрелден, 8-апрелге чейин болот.

Өлкө лидеринин Ворухка сапары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүн талкуулоонун фонунда болот. Ташиев өткөн жумада кыргыз тарап Тажикстанга Ворухту Баткен жана Лейлек райондорунун башка аймактары менен алмашууну сунуш кылган.

Бүгүнкү күнгө чейин тажик тарап анын билдирүүсү боюнча расмий комментарий бере элек,  ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик комиссиясынын Тажикстандын Согди облусунун Гулистон шаарында болгон жыйынынын чоо-жайын айткан эмес. Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Тажикстан менен Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчыларынын жолугушуусу достук маанайда өткөндүгүн, тараптар чек ара боюнча келишимдерге жетишүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну чечишкендигин гана билдиришкен.

Эмомали Рахмон Ворухка 2019-жылы дагы барган. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын кесилишинде ал Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан.

Комментарий жиберүү