Орусиянын ТИМ жетекчиси Тегеранга барат

Орусиянын Тышкы иштер министри ирандык кесиптешинин чакыруусу менен жакында Тегеранга барат.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 13-апрелде иш сапары менен Иранга барат.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы  Мария Захарова өлкөнүн ТИМ жетекчиси Сергей Лавров 13-апрелде ирандык кесиптеши менен эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо үчүн Тегеранга барат.
“Жолугушууда маанилүү эл аралык көйгөйлөр, анын ичинде өзөктүк программа боюнча Биргелешкен иш- аракеттердин планы боюнча абал, ошондой эле Сирия, Ооганстан, Йемен жана Перс булуңундагы кырдаал тууралуу талкуу болору күтүлүүдө”, – деп билдирди Мария Захарова.
Анын айтымында, Орусия менен Ирандын тышкы иштер министрлери эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди, биринчи кезекте энергетика жана транспорт жаатындагы маанилүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда соода-экономикалык маселелерди талкуулоону көздөп жатышат.

Комментарий жиберүү