Уурдалган сөз – “Аллаху акбар!”

Уурдалган сөз – “Аллаху акбар!”

Динден анча түшүнүгү болбогон адамдар “Аллаху акбар” деген сөздөн коркушат. Муну сиздер дос-тууган, кошунаңардан деле байкап көрсөңөр болот. Анткени исламды жамынган душмандардын айынан дүйнөдөгү көпчүлүк адамдарда “Аллаху Акбар” сөзүн зордук-зомбулук, киши өлтүрүү, курал-жарактар менен байланыштырышат. Бул жарык дүйнөгө жаңы гана келген ымыркай эң биринчиден болуп “Аллаху акбар” деген сөздү угат, мусулмандар 5 убак намазда бир нече жолу “Аллаху акбар” деп айтышат. Эмне себептен Аллахты улуктаган бул сөз зордук-зомбулуктун символуна айланды? Эмне үчүн биз өзүбүзгө таандык…

Прочитайте больше

Пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт

Пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт

Бекем ыйманы, Аллах Таалага жана анын пайгамбарына болгон терең сүйүүсү үчүн көзү тирүүсүндө эле бейиш менен кубандырылган 10 сахаба тууралуу белгилүү хадис бар. Алардын бири – Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) күйөө баласы жана тууганы, акылмандыктын мыкты үлгүсү, төртүнчү адилеттүү падыша – Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун). 1- Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) жарык дүйнөгө келиши. Окумуштуулардын Алинин кайсы убакта төрөлгөнүнө карата бир нече пикирдери бар. Бир тарап, Али пайгамбарлык миссия баштала…

Прочитайте больше

8 хадис: Кошунага мамиле

8 хадис: Кошунага мамиле

Аллах Таала Ыйык Куранда пенделерин кошунасына жакшы мамиле кылууга буюрган. Кошунанын акысы, аларга болгон мамиле тууралуу ишенимдүү (сахих) хадистерде кенен баяндалат: Кошунаңызга жакшы мамиле кылыңыз 1- Ибн Умар менен Айша (алардан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлашат: “Жабраил мага кошунага жакшы мамиле кылуу тууралуу насыяттарын токтотпогондуктан, мен аны (кошунаны) ал тургай мураскорлордун катарына кошот окшойт деп ойлогом” (Бухарий; Муслим). Оокат-ашыңызды кошунаңыз менен бөлүшкөндү унутпаңыз 2- Абу Заррдын…

Прочитайте больше

Казакбаев менен Лавровдун жолугушуусунда үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү маселеси каралды

Казакбаев менен Лавровдун жолугушуусунда үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү маселеси каралды

Кечээ, 2-апрелде Москва шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Орусияга болгон биринчи иш сапарынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты, эки тараптуу кызматташуунун эң маанилүү багыттары жана келечеги боюнча пикир алмашышты. Аталган маселелердин…

Прочитайте больше

Ирандын ТИМ башчысы Кыргызстанга келет

Ирандын ТИМ башчысы Кыргызстанга келет

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф 5-8-апрель күндөрү Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде өзүнүн Твиттердеги баракчасынан билдиргенин “Eurasia Today” агенттигинин кабарчысы маалымдайт. “Цивилизациялык, тарыхый жана маданий жалпылыктардын региону болгон Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилелерди өнүктүрүү Ирандын ар дайымкы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп келген. Зариф 5-8-апрель күндөрү Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстанга барат”, – деп жазды Хатибзаде Твиттердеги баракчасына. Хатибзаденин айтымында, Зарифтин бул сапарында…

Прочитайте больше

Депутаттар алтын кениндеги миллиондорго кызыгышты

Депутаттар алтын кениндеги миллиондорго кызыгышты

“Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Комиссиянын мүчөлөрү жакында эле «Кумтөр» алтын кениндеги жүргүзүлүп жаткан иштер, андан соӊ Бишкек менен Кара-Балта шаарларындагы алтын аралашмаларынын анализдерин чыгара турган лабораториялардын азыркы абалы менен жеринен таанышып келдик. Жыйынтыгында тоо-кен тармагында заманбап жаӊы технологияларды колдонуу зарылдыгына көзүбүз жетти. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын кезектеги отуруму өтүп жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы…

Прочитайте больше