Пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт

Бекем ыйманы, Аллах Таалага жана анын пайгамбарына болгон терең сүйүүсү үчүн көзү тирүүсүндө эле бейиш менен кубандырылган 10 сахаба тууралуу белгилүү хадис бар. Алардын бири – Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) күйөө баласы жана тууганы, акылмандыктын мыкты үлгүсү, төртүнчү адилеттүү падыша – Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун).

1- Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) жарык дүйнөгө келиши.

Окумуштуулардын Алинин кайсы убакта төрөлгөнүнө карата бир нече пикирдери бар. Бир тарап, Али пайгамбарлык миссия баштала электен 15-16 жыл мурун төрөлгөн дешсе, башкалары 10 жыл мурун төрөлгөн дешкен. Дагы бир тарап 5 жыл мурун жарык дүйнөгө келгенин айгинелешет. Көптөрү Алинин Каабанын ичинде төрөлгөнүн өзгөчө белгилешет.

2- Али (Аллах андан ыраазы болсун) менен Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жакын туугандык байланышы бар.

Пайгамбарыбыз(Алланын ага салам-салаваттары болсун) менен Али (Аллах андан ыраазы болсун) Абд-аль-Мутталиб ибн Хашимдин неберелери эле. Алинин атасы Абу Талиб менен Пайгамбарыбыздын атасы Абдаллах бир туугандардан болушчу. Абд-аль-Мутталиб өз мезгилинин кадыр-барктуу адамдарынан эле. Анткени ал Меккеге келген ажылардын тамак-аш жагын тейлеген. Ал балдарын адилеттүү болууга үндөп, адамдык асыл сапаттар менен тарбиялаган.

3- Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) лакап аттары.

Али жарык дүйнөгө келгенде, ага апасы тарабынан Асад (арстан) деген ат берилген. Мындай атты анын апасы өзүнүн атасы Асад ибн Хашимдин урматына койгон. Алиге ат коюлуп жаткан убакта Абу Талиб алардын жанында болгон эмес. Кийин келгенде ага Асад деген ат жакпай, уулуна Али деп ат койгон.

Ошондой эле, Алинин Пайгамбарыбыз койгон Абу Тураб (чаңдын атасы) деген да лакап аты болгон. Алинин өзүнө бул ат абдан жакчу.

Бул окуя мындай: Али жубайы Фатима менен бир аз таарыныша кетишет. Пайгамбарыбыз Фатимадан муну угуп, Алинин кайда экенин билип келүүгө бир кишини жөнөтөт. Ал Алинин мечитте уктап жатканын айтат. Пайгамбарыбыз мечитке барып, Алинин үстүндөгү жамынгычы ачылып, а Али өзү чаңда жатып калганын көрүп, Алла Элчиси Алинин үстүндөгү чаңды күүп, “Тур, Абу Тураб” (Чаңдын атасы) деп ойготот. Ошондон кийин аны Абу Тураб деп да атап калышкан.

4- Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) сырткы турпаты.

Алинин бою орто, кара бакыраң көздүү, жүзү абдан жагымдуу, кең далылуу, колдору жана моюну жоон болгон.

5-Алинин өзгөчөлүктөрү.

Эгер Абу Бакр жумшак мүнөз, бирок ошол эле учурда чечкиндүү болсо, Умар талапты кое билге жана адилеттүүлүгү менен, Усман –дипломат, өз ара кызматташууга аракетчил болсо, Али биринчи кезекте динди терең түшүнгөндүгү, аскет жашоо образы жана тайманбастыгы менен өзгөчөлөнүп турчу.

6 -Алинин атасы Абу Талиб Пайгамбарыбызды (Алланын ага салам-салаваттары болсун) өз баласындай көргөн.

Абу Талибдин колунда жок болгону менен өз уруусунда кадыр-баркка ээ эле. Ал пайгамбарбыз Мухамедди абдан жакшы көрчү жана бир жакка барарда сөзсүз аны жанына алып алчу. Пайгамбарыбыздын атасы кайтыш болгон соң дал ушул адам ага кам көргөн. Алла Элчиси Аллахка сыйынууга ачык үгүт жүргүзө баштаганда биринчилерден болуп Абу Талиб коргогон. Абу Талиб Бану хашим уруусунун башчыларынын бири болгондуктан, ал бул абалынан пайдаланып, Пайгамбарыбызды болушунча жактап, коргогон. Хашимиттер айласыздан Абу Талибге кошулуп, Алла Элчисинин тарабында турушкан. Абу Талиб Пайгамбарыбызды коргоодо жанын аябарын жар салган.

7- Али (Аллах андан ыраазы болсун) исламды бала кезинде кабыл алган.

Көптөрү Али исламды 10 жашында кабыл алганын айтышат. Бул анын өз каалоосу жана кызыгуусу менен болгон.

8- Алинин үй-бүлөсү.

Али Пайгамбарыбыздын кызы сүйүктүү кызы Фатиманы жубайлыкка алган.Али Фатиманын колун сурап келгенде калканынан башка эч нерсеси жок эле. Сүйүктүү кызынын колун сурап келген Алинин сүрдөп жатканын сезген Пайгамбарыбыз Алинин сүрдөгөнүн токтотуш үчүн: “Сен Фатиманын колун суроого келдиң окшойт?”,-деп сөз баштайт. Али “ооба” деп жооп берет. Пайгамбарыбыз “Махрга эмне даярдадың?” деп суроо салат. Алинин колундагы калканынан башка эч нерсеси жок эле. Пайгамбарыбыз Алиге: “Сен калканыңды сатып, андан түшкөн акчаны махрга колдонбойсуңбу” деп сунуштайт. Али так ошондой кылат.

Фатима менен Алинин үй-бүлөөсү чоң сүйүү менен сый-урматта курулуп, 4 балалуу болушат. 2 уул: аль-Хасан, аль-Хусейн жана 2 кыз: Зайнаб, Умм Кульсум.Пайгамбарыбыз Али менен Фатиманы жанына отургузуп, Алиге кайрылып: “Мен Фатиманы сага караганда көбүрөөк жакшы көрөм”,- деп, ал эми Фатимага карап: “Али сага караганда мага көбүрөөк урматтуураак”, -деп айткан.

Али менен Фатима өтө жөнөкөй жашашкан. Кээде бир нече күн алардын жегенге бир сындырым наны да калбай калган учурлары болгон.

9- Али жаш балдарды абдан жакшы көрчү.

Али кичинекей балдарды абдан жакшы көрчү. Ал балдарды өзүнүн айланысына чогултуп алып ойноп, аларга белек берчү.Бул себептенал “жетимдердин атасы” деген да лакап атка конгон. Анткени ал дайыма жетимдерге жана колунда жок балдарга жардам берчү.

10- Алиге Аллах Тааланын эң чоң мээрими түшкөн.

Курайшиттер үчүн оор, кургакчылык жылдарда Алинин атасы Абу Талиб абдан кыйналган. Анткени анын үй-бүлөсү чоң эле. Мына ошондо пайгамбарыбыз Мухаммед агасы Абу Талибге жардам берүү үчүн анын балдарынын бирин өзүнүн карамагына алууну сунуштайт. Ошентип Пайгамбарыбыз үйүнө кичинекей Алини алып кетет. Али Пайгамбарыбызга алгачкы аян түшкөнгө чейин аны менен чогуу жашайт. Ошентип, Али исламды кабыл алган биринчи өспүрүм болгон. Пайгамбарыбызды Аллах тарбияласа, ал эми Алини Пайгамбарыбыз тарбиялап, анын инсан катары калыптануусунда чоң роль ойногон.

11-Алинин Аллахка болгон бекем тобокелчилиги.

Курайшиттер чогулуп, Алла Элчисин өлтүрүү тууралуу сүйлөшүшөт. Бул кабарды Аллах Таала Пайгамбарыбызга билдирет. Ошондо Пайгамбарыбыз курайшиттер акмалап келчү үйдөн тезинен чыгып кетүүнү чечет. Бирок ордуна ошол үйдөгү керебетте жатууга Алиге буйрук берет. Душмандар үйгө кирип келери менен эле керебетте жаткан адамды өлтүрүшмөк. Анткени бул жерде Пайгамбар жатарына алар толук ишенишкен.

Пайгамбарыбыз Меккеде өзүнүн керебетинде Алини калтырып:“Бүгүн түндү ушул жакта өткөр. Чындыгында, алар сага эч кандай зыян келтиришпейт”,- деген.

Ошентип, Али Пайгамбарыбыздын үйдө жоктугун билгизбей керебетке жатат. Чындыгында, бул-өтө чоң тобокелчилик, дагы бир жагынан чоң сыноо эле. Анткени үйдү бир нече душмандар куралдары менен курчап, биринчи мүмкүнчүлүктө Алла Элчисин өлтүрүшмөк. Таң атканда душмандар кирип келип, керебетте жаткан Али экенин көрүшөт. Алар Алиден Пайгамбардын кайда экенин сурашканда, Али “Эмнени айтып жатканыңарды түшүнгөн жокмун” деп жооп берет. Бул жерден Алинин Жаратканга болгон кынтыксыз тобокелчилдиги, Аллах жанан анын элчисине болгон терең сүйүүсүн байкоого болот.

12- Али (Аллах андан ыраазы болсун) Куран менен жашаган.

Ал Ыйык Куранды окуп, жаттап, маанисине сүңгүп жана андан үйрөнгөнү боюнча иш-аракет кылууга аракеттенген. Али минтип айткан:“Ким Куранды окуп, анан өлгөн соң тозокко түшсө, демек ал Аллахтын сөзүн олуттуу кабыл албагандардан экен”.

Ошондой эле Алинин дагы минтип айтканы баяндалат:“Аллах менен ант беремин, мен ар бир түшүрүлгөн аяттан, ал эмнеге карата, кайда жана кимге байланыштуу түшүрүлгөнүнөн кабардармын”.

‘Абд-аль-Барр,Али Пайгамбарыбыздын тирүү кезинде эле Куранды толук билгендерден болгонун айтат.

13- Али өз мезгилинин сабаттуу адамдарынан болгон.

Анткени ал окуп-жазууну билген. Анын илим-билимге болгон сүйүүсү күчтүү эле. Алинин жеке инсан катары калыптанышына Пайгамбарыбыздын ролу абдан чоң. Алла Элчиси менен узак сааттарга созулган маектешүү Алинин талантын ачып, энергиясын туура жакка багыттоого жардам берген.

14-Али динге карата өтө кызганчаак сахабалардан эле.Ал: “Мен Пайгамбарыбыздын сүннөтүн кайсы бирөөнүн сөзү үчүн эле калтырып койбойм”,- деген.

15- Али кыйналып өлөрүн Пайгамбарыбыздын хадистеринин биринен билген.

Күндөрдүн биринде Али ооруп жатканда Бадр согушуна катышкандардын бири аны зыярат кылууга келет. Ошондо Али ага:“Чындыгында, мен бул оорудан өлбөйм. Алла Элчиси мага сакалым канга боелуп өлөрүмдү кабарлаган”,-деген.

16-Алинин дүйнөдөн кайтышы.

Нахравандагы согушта өлгөн адамдар үчүн ыза болгон харижиттер Алини өлтүрүүнү чечишет. Үч харижит чогулуп ошол согушта каза болгон жолдоштору үчүн Алини, Амра ибн аль-Ас жана Му’авияны өлтүрүүнү каалашат. Ошентип, Али душмандардын колунан 63 жашында жан берген.

____________________

Макала ас-Салляби, Али Мухаммаддын “Али ибн Абу Талиб – төртүнчү адилеттүү падыша” китебинин негизинде жазылды.

Комментарий жиберүү