Ирандын ТИМ башчысы Кыргызстанга келет

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф 5-8-апрель күндөрү Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстанга иш сапары менен барат.

Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде өзүнүн Твиттердеги баракчасынан билдиргенин “Eurasia Today” агенттигинин кабарчысы маалымдайт.

“Цивилизациялык, тарыхый жана маданий жалпылыктардын региону болгон Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилелерди өнүктүрүү Ирандын ар дайымкы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп келген. Зариф 5-8-апрель күндөрү Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстанга барат”, – деп жазды Хатибзаде Твиттердеги баракчасына.

Хатибзаденин айтымында, Зарифтин бул сапарында эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкка басым жасалат.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Ирандын ТИМ башчысы Мухаммад Жавад Зариф Тажикстандын баш калаасы Душанбеге барып, бул өлкөнүн расмий адамдары менен жолугуп, Ооганстан боюнча “Азия жүрөгү – Стамбул жараяны” боюнча тогузунчу конференцияга катышып, сөз сүйлөгөн. Зариф “Азиянын жүрөгү” конференциясына катышкандыгы боюнча Твиттердеги баракчасына мындай билдирүү калтырган: “Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде Ооганстан, аймактык жана глобалдык маселелер, ошондой эле эки тараптуу кызматташтык маселелери каралып, Ооганстандагы ар тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Бириккен Улуттар Уюмунун ролу баса белгиленди”.

“Азия жүрөгү” форумуна 15 өлкө,  анын ичинде Иран, Ооганстан, Тажикстан, Пакистан, Кытай, Орусия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Түркия, Азербайжан, Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмираттары мүчөлүк кылат. АКШ, Австралия, Канада, Дания, Египет, Франция, Финляндия, Германия, Ирак, Италия, Япония, Норвегия, Польша, Испания, Швеция жана Улуу Британия “Азия жүрөгүн” колдошот.

Тышкы иштер министрлер деңгээлиндеги биринчи “Азия жүрөгү” конференциясы 2011-жылы Стамбулда жана андан кийинки жолугушуулар 2012-2019-жылдары Кабул, Алматы, Пекин, Исламабад, Амритсар, Баку жана Стамбулда өткөрүлгөн.

Комментарий жиберүү