Уурдалган сөз – “Аллаху акбар!”

Динден анча түшүнүгү болбогон адамдар “Аллаху акбар” деген сөздөн коркушат. Муну сиздер дос-тууган, кошунаңардан деле байкап көрсөңөр болот. Анткени исламды жамынган душмандардын айынан дүйнөдөгү көпчүлүк адамдарда “Аллаху Акбар” сөзүн зордук-зомбулук, киши өлтүрүү, курал-жарактар менен байланыштырышат.

Бул жарык дүйнөгө жаңы гана келген ымыркай эң биринчиден болуп “Аллаху акбар” деген сөздү угат, мусулмандар 5 убак намазда бир нече жолу “Аллаху акбар” деп айтышат. Эмне себептен Аллахты улуктаган бул сөз зордук-зомбулуктун символуна айланды? Эмне үчүн биз өзүбүзгө таандык керемет сөздү душмандарга уурдатып, анын бурмаланышына жол бердик?

Америкалык окумуштуу, Ислам илимдеринин профессору, шейх Омар Сулейман видео-сабагында “Аллаху Акбар” сөз айкашынын маанисин төмөндөгүдөй чечмелейт.

Мен Иракта кызмат өтөгөн америкалык солдат менен болгон жолугушуумду эч качан унупайм. Бир жолу ал Жаңы Орлеандагы мечитке шахада келимесин айтуу үчүн келди.Ал чын жүрөктөн ислам динин кабыл алууну каалаган. Ошентип, ал шахада келимесин айтып бүткөн соң, элдер бийик үн менен “Аллаху Акбар” деп айта башташты. Солдат эч качан бул сөздү жакшы учурларда, ар ибадат кылганында айтарын ойломок тургай элестете да алган эмес. Анткени Иракта кызмат өтөп жүргөнүндө бул сөз анын жүрөк үшүн алган.

“Аллаху Акбар” демек – Аллахтын улуктугун даңктоо демектир. Бул сөз мусулман майрамдары жана ибадаттар учурунда өтө көп колдонулат. Бул мааниси терең сөз адамдын жарык дүйнөгө келгенинде алгачкылардан болуп кулагына угузулат. Баланын атасы анын кулагына “Аллаху акбар!” деп шыбырайт.

“Аллаху Акбар” деп мусулмандар кубанган, жакшы окуялар болуп өткөн кезде ага ыраазычылык билдирип айтышат. Мисалы, Аллах адамга ал кыялдана да албаган нерсени тартуулаганда “Аллаху Акбар!” дейт. Кандай гана кырдаал болбосун, баарынан улук Аллах Тааланын бар экенин эскертип турат.

Тилекке каршы “Аллаху акбар” фразасы ММКларда негативдүү контекстте чагылдырылып келет. Бул нерсе атайын жасалып, аны айткан адамга карата коркуу сезимдерин жаратып, исламды каралагысы келген максатты көздөп жаткандай таасир калтырат.

Дүйнө жүзү бул сөздөр бейкүнөө адамды өлтүргөн террористке таандык эместигин билиши керек. Бул сөздөр Кудайга каршы кечирилгис күнөө жасап жатып, Аллаху Акбар деп кыйкырган террористке таандык болушу акылга сыйбаган жорук.

Бул чоң жаңылыштыктын кечээ эле пайда боло калбаганын өзгөчө баса белгилөө керек.

Мындай окуя пайгамбарыбыздын жолдоочусу Абдуллах ибн Зубейр менен да болгон. “Аллаху акбар” деп анын төрөлүшүндө жана дүйнө менен кош айтышканында айтылган. Абдуллах ибн Зубейр – мусулмандардын Меккеден Мединага көчүшүнөн кийин алгачкы төрөлгөн ымыркай эле. Бул убакта Мединанын кээ бир тургундары мусулмандарда тукумсуздук каргышы бар деген ушактарды таратып ийишкен.

Ошондуктан, Абдуллах төрөлгөндө анын чоң атасы, урматтуу Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) небересин көтөрүп, көчөнү кыдырып, кубануу менен “Аллах Улук” деп айткан.

Качан Абдуллах Меккеде адилеттүүлүк үчүн күрөштө көз жумганда аны өлтүргөн элдердин тобу “Аллаху Акбар” деп кыйкырышкан.

Буларга күбө болгон адам: “Мен Абдуллах төрөлгөн жана ал өлгөн күнү да болгом. Ошондо элдердин тобу ал төрөлгөн күнү жана өлгөндө да “Аллаху Акбар” деп кыйкыргандарын укканмын. Мен Аллах менен ант берем, ал төрөлгөндө “Аллаху Акбар” деп кыйкыргандар берки адамдарга караганда алда канча жакшы адамдар болушчу.

Чындыгында, Абдуллах төрөлгөн күнү “Аллаху Акбар” дегендер гана Аллахты улуктап, Ага ыраазычылык айтышкан. Бул фраза – ошол топтогу адамдарга гана таандык. Анткени алар жакшы иштерде дайыма Аллахты улукташкан.

Биз “Аллаху акбар” сөзүнүн чыныгы маанисин унутпай, анын киши өлтүрүүдө эмес, а Аллахка ыраазычылык келтирүүдө айтыларын башкаларга түшүндүрүшүбүз абзел. Биз террористтерге же ар кандай саясий оюндун ээлерине “Аллаху акбар” сөзүнүн чыныгы маанисин уурдап алышына жол бербешибиз милдет”.

Комментарий жиберүү