Казакбаев менен Лавровдун жолугушуусунда үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү маселеси каралды

Кечээ, 2-апрелде Москва шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Орусияга болгон биринчи иш сапарынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты, эки тараптуу кызматташуунун эң маанилүү багыттары жана келечеги боюнча пикир алмашышты.

Аталган маселелердин тизмесине Орусияда чыгарылган COVID-19га каршы вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы темир жол байланыштарын калыбына келтирүү, үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү, КР ИИМнин Орусиядагы өкүлчүлүгүн уюштуруу, эки мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун линиясы боюнча өз ара аракеттенүү жана эки тараптуу күн тартибинин башка актуалдуу темалары кирген.

Тараптар кыргыз-орус мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча иш алып барууга даяр экендерин билдиришти.

Комментарий жиберүү