8 хадис: Кошунага мамиле

Аллах Таала Ыйык Куранда пенделерин кошунасына жакшы мамиле кылууга буюрган. Кошунанын акысы, аларга болгон мамиле тууралуу ишенимдүү (сахих) хадистерде кенен баяндалат:

Кошунаңызга жакшы мамиле кылыңыз

1- Ибн Умар менен Айша (алардан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлашат:

“Жабраил мага кошунага жакшы мамиле кылуу тууралуу насыяттарын токтотпогондуктан, мен аны (кошунаны) ал тургай мураскорлордун катарына кошот окшойт деп ойлогом” (Бухарий; Муслим).

Оокат-ашыңызды кошунаңыз менен бөлүшкөндү унутпаңыз

2- Абу Заррдын (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлашат:

“(Бир жолу) Аллахтын Элчиси (Алланын ага салам-салаваттары болсун) мындай деди: “”О, Абу Зарр, эт бышырган кезиңде ага көбүрөөк суу кошуп, кошуналарыңа (да) кам көргүн” (Муслим).

Кошунаңызга жамандык кылуудан оолак болуңуз

3- Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Аллахка ант болсун, (алар) ыйман келтиришпейт, Аллахка ант болсун (алар) ыйман келтиришпейт, Аллахка ант болсун (алар) ыйман келтиришпейт! (Ошондо) андан сурашты: “Ким ыйман келтирбейт, о, Аллахтын Элчиси?” Ал айтты: “Өзүнүн жамандыктарынан кошунасын коопсуз кылбаган адам” (Бухарий; Муслим).

Кошунаңыздын абалына кайдыгер карабаңыз

4- Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“О, мусулман аялдар, кошуна аялдарга (жакшылык кылууга) эч качан кайдыгерлик кылбагыла, ал тургай ал (жакшылык) койдун туягы (ндай аз) болсо дагы (алар менен бөлүшкүлө)!” (Бухарий; Муслим).

Кошунаңызга түшүнүү менен мамиле кылыңыз

5- Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) бир жолу мындай дегенин кабарлайт:

“Кошуна (адам, эгерде) анын дубалына кошунасы тактай кагам десе (жана ал кагуу зарыл болсо, анда ага) тоскоолдук кылбасын”.

“Кимисинин эшиги жакыныраак болсо…”

6- Айшанын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:

“(Бир жолу) мен сурадым: “О, Аллахтын Элчиси, менин 2 кошунам бар алардын кимисин (оболу) сыйлоого тийишмин?” Ал айтты: “Кимисинин эшиги сага жакыныраак болсо (оболу ошонусун)” (Бухарий).

Мыкты кошуна болуңуз

7- Абдуллах бин Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Аллах Тааланын алдында эң мыкты жолдош болуп, өз жолдошуна мыкты мамиле жасаган адам эсептелет. Ал эми Аллахтын алдында мыкты кошуна – бул өз кошунасына мыкты мамиле жасаган кошуна”. (Бул хадисти Трмизий келтирип: “жакшы хадис” деп атаган).

Бул насыйкатты эч качан унутпаңыз

8- Абу Шурайх ал-Хуза (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт.

“Ким Аллахка жана акырет күнгө ыйман келтирген болсо, анда ал өз кошунасына жакшылык кылсын; жана ким Аллахка жана акырет Күнгө ыйман келтирген болсо, анда ал өз мейманын жакшы сыйласын; ким Аллахка жана акырет Күнгө ыйман келтирген болсо, анда ал өз мейманын жакшы сыйласын; ким Аллахка жакын акырет Күнгө ыйман келтирген болсо, анда ал же жакшы сөздү сүйлөсүн, же унчукпасын! (Буд хадисти ушундай көрүнүштө Муслим келтирет. Ал эми Бухарий болсо анын бир бөлүгүн риваят кылат).

Комментарий жиберүү