Индонезия: Дайынсыз болуп жаткан 53 кишиси бар суу астында жүрүүчү кеменин калдыктары табылды

Индонезиянын президенти Жоко Видодо Бали деңизинде 21-апрелден бери дайынсыз болуп, изделип жаткан суу астында жүрүүчү кеменин 53 мүчөсү каза болгонун расмий тастыктады.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
“Мага деңиз флотунан жана армиядан кеме чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келди. Индонезиялыктар суу алдында жүрүүчү кеменин баардык мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат”, – деди ал.
Кемени издөө иштери 21-апрелден 24-апрелге чейин, Индонезиянын деңиз аскер күчтөрү суу астында сүзүүчү кеме чөгүп кеткендигин жарыялаганга чейин уланган. Кемеде запаста 72 саатка кычкылтек болгон.  

Куткаруучулар май куюлган бөтөлкө, торпедо бөлүктөрүн, темир түтүктүн бир бөлүгүн, сыйынуучу килемдерди жана күйүүчү майды табышкан. Буга чейин KRI Nanggala-402 суу алдында жүрүүчү кемесинде болгон адамдар сыныктардын айрымдары кемеге таандык болгонун тастыкташкан.

Куткаруучулардын айтымында, кемеде эч кандай жарылуу болгон эмес, бирок катуу кысымдан улам кемеде жарака пайда болуп, айрым буюмдар сыртка чыгып калган.

Суу астында жүрүүчү кеме 500 метрге чейинки терендиктеги кысымга туруштук бере тургандай кылып курулган, бирок гидролокатор суу алдында жүрүүчү кеме 850 метр тереңдикте жатканын көрсөткөн.

Эске салсак, 21-апрелде Бали аралдарынын жээгинде Индонезиянын дениз күчтөрүнүн суу астында жүрүүчү кемеси машыгуу учурунда дайынсыз жоголгону маалымдалган. Германияда 1981-жылы жасалган суу астында жүрүүчү KRI Nanggala 402 кемеси машыгуу өткөрүп жаткан, бирок машыгуунун жыйынтыктары тууралуу макулдашылган убакытта маалымат бербей калган.

Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командири, авиация маршалы Хади Тчахжанто дизелдик кеме менен байланыш үзүлүп калгандыгын тастыктап,  Сингапур жана Австралиянын куралдуу күчтөрүнө  жоголгон кемени табууга көмөктөшүү өтүнүчү жөнөтүлгөнүн билдирген.

Дизелдик суу астында жүрүүчү кеме 1979-жылы Германияда курулуп, эки жылдан кийин Индонезиянын аба күчтөрү тарабынан кабыл алынган.

Комментарий жиберүү