Кыргызстан Тажикстан менен кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү ниетин билдирди

Президент Садыр Жапаров Өкмөт мүчөлөрү менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн, бул кырдаалга тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтары угулду.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Тышкы иштер министрлигинин алдына дипломатиялык каналдар аркылуу тынчтык жолу менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди улантуу милдети коюлду.

Комментарий жиберүү