Индияда бир суткада коронавирустан 3 миңден ашык киши каза болду

Коронавирус чыккандан бери Индияда акыркы 24 саатта коронавирустун курмандыктарынын саны 3 миңден ашты.

Акыркы статистикага ылайык, коронавирус эпидемиясы башталгандан бери Индияда акыркы бир сутканын ичинде каза тапкандардын саны 3280 адамга жетти. Ал эми өлкөдө илдет катталгандан бери анын кесепетинен көз жумгандардын жалпы саны 200 миңден ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Экинчи жагынан, бул өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны дагы деле тездик менен өсүүдө жана акыркы 24 саатта 362 миңден ашуун учур катталды.

 Worldometer сайтынын маалыматына ылайык, Индияда илдет менен ооругандардын жалпы саны 18 миллионго жетти.

Өткөн суткада дүйнө жүзү боюнча COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны болжол менен 660 миңди түздү. Бул статистикага ылайык, дүйнөдө бир күндө катталган жалпы учурлардын жарымынан көбү Индияга таандык болгон.

Акыркы бир нече күндүн ичинде Индиядагы коронавирус эпидемиясынын жаңы толкуну оор кырдаалды жаратты. Илдеттен каза тапкандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп, ооруканалардын жандандыруу бөлүмдөрү бейтаптарга толуп, дары-дармектин жана кислороддун кору түгөнүп жатканы айтылууда.

Комментарий жиберүү