Сирияда террорчулар химиялык кол салууну пландаштырууда

Сирияда террорчулар химиялык кол салууну пландаштырууда

Сириядагы террорчулар Идлиб провинциясындагы Кбана аймагында химиялык кол салууну пландаштырууда. Бул тууралуу Орусиянын Сириядагы согушуп жаткан тараптарды элдештирүү борборунун башчысынын орун басары контр-адмирал Александр Карпов билдиргенин “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Карповдун айтымында, орусиялык борбор “Хaйат Тахрир аш-Шaм” террордук  тобунун согушкерлери Идлибде химиялык заттарды колдонуп, террордук операция жасоого даярданып жаткандыгы жөнүндө маалымат алган.  “Колдо бар маалыматтарга караганда, согушкерлер Сириянын өкмөттүк күчтөрүн дагы айыптоо үчүн карапайым адамдарга каршы химиялык курал колдонууну көздөп жатышат”, – деди Карпов. Белгилей кетсек, Сириядагы куралдуу…

Прочитайте больше

Түркиянын ТИМ башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Түркиянын ТИМ башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Эртең, 10-мартта Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны болуп ɵтɵт. Ошондой эле Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглунун Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуулары пландаштырылган. Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ боюнча…

Прочитайте больше

Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат

Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат

Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-март жекшемби күнүнө туура келгендиктен, эс алуу күнү 22-мартка жылдырылат. Мындан улам кыргызстандыктар 20, 21 жана 22-март күндөрү эс алышат. Эскерте кетсек, Кыргызстанда 21-мартта Нооруз майрамы белгиленет.

Прочитайте больше

Ак үй: Орусия менен Кытайдын «вакцина дипломатиясы» бизди тынчсыздандырат

Ак үй: Орусия менен Кытайдын «вакцина дипломатиясы» бизди тынчсыздандырат

Ак үйдүн өкүлү Орусия менен Кытай коронавируска каршы вакцинасын “дипломатиялык максаттарга жетүү үчүн” колдонуп жатат деп айыптады. Ак үйдүн өкүлү Жен Псаки Орусия менен Кытай башка өлкөлөргө вакциналарды берүү жолу менен “дипломатиялык максаттарына жетүүнү” көздөп жатат деп ырастаганын эл аралык “Tasnim News” агенттиги билдирди. “Биз Орусия менен Кытайдын вакциналарды дипломатиянын куралы катары колдонууга жасаган аракеттери бизди тынчсыздандырат деп айта алам”,- деди Псаки. Ал ошондой эле АКШ өз жарандарын эмдегенден кийин башка өлкөлөргө вакцина жагынан жардам берүүгө даяр…

Прочитайте больше