Сирияда террорчулар химиялык кол салууну пландаштырууда

Сириядагы террорчулар Идлиб провинциясындагы Кбана аймагында химиялык кол салууну пландаштырууда.

Бул тууралуу Орусиянын Сириядагы согушуп жаткан тараптарды элдештирүү борборунун башчысынын орун басары контр-адмирал Александр Карпов билдиргенин “Ir.Sputnik” агенттиги жазды.

Карповдун айтымында, орусиялык борбор “Хaйат Тахрир аш-Шaм” террордук  тобунун согушкерлери Идлибде химиялык заттарды колдонуп, террордук операция жасоого даярданып жаткандыгы жөнүндө маалымат алган.  “Колдо бар маалыматтарга караганда, согушкерлер Сириянын өкмөттүк күчтөрүн дагы айыптоо үчүн карапайым адамдарга каршы химиялык курал колдонууну көздөп жатышат”, – деди Карпов.

Белгилей кетсек, Сириядагы куралдуу жаңжал 2011-жылдан бери уланып келе жатат. 2017-жылы Сирия жана Иракта ИШИМ террордук тобу женилгендиги жарыяланган. Өлкөлөрдүн айрым аймактарында согушкерлерди тазалоо операциялары уланууда.

Комментарий жиберүү