Ак үй: Орусия менен Кытайдын «вакцина дипломатиясы» бизди тынчсыздандырат

Ак үйдүн өкүлү Орусия менен Кытай коронавируска каршы вакцинасын “дипломатиялык максаттарга жетүү үчүн” колдонуп жатат деп айыптады.

Ак үйдүн өкүлү Жен Псаки Орусия менен Кытай башка өлкөлөргө вакциналарды берүү жолу менен “дипломатиялык максаттарына жетүүнү” көздөп жатат деп ырастаганын эл аралык “Tasnim News” агенттиги билдирди.

“Биз Орусия менен Кытайдын вакциналарды дипломатиянын куралы катары колдонууга жасаган аракеттери бизди тынчсыздандырат деп айта алам”,- деди Псаки.

Ал ошондой эле АКШ өз жарандарын эмдегенден кийин башка өлкөлөргө вакцина жагынан жардам берүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Орусия вакциналарды бөлүштүрүүнү жана колдонууну саясатташтырууга каршы экендигин бир нече жолу билдирген жана айрым батыш саясатчыларынын “вакциналар саясий курал катары колдонулуп жатат” деген айыптоолорун четке кагып келген.

Орус маалымат булактары билдиргендей, азырынча 40тан ашуун өлкө өз жарандарын коронавирусуна каршы эмдөө үчүн орусиялык “Спутник V” вакцинасын колдонууга макул болушту.

Комментарий жиберүү