Бишкекте Нооруз майрамын өткөрүү эмне үчүн токтотулду?

Бишкекте Нооруз майрамын өткөрүү эмне үчүн токтотулду?

Бишкекте Нооруз майрамына карата массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти деп жазат Knews.kg порталы. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь айынан 18-мартына чейин Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооругандардын саны 2551 түздү. Бүгүнкү күнү бул илдетке кабылгандардын саны 96 бейтапты түзүп, 2 адам каза болгону маалымдалды.Ошондой эле коронавирустун жаңы түрлөрү (Британия штаммы, Түштүк Африка штаммы) табылуу фактыларын эске алуу менен, коронавирустук инфекциясынан келип чыккан оорулардын…

Прочитайте больше

Экономист: «Саламаттык сактоо министрлиги карантин киргизүүнү сунуштабай, системалык көйгөйлөрдү чечиши керек»

Экономист: «Саламаттык сактоо министрлиги карантин киргизүүнү сунуштабай, системалык көйгөйлөрдү чечиши керек»

Азыркы учурда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тобокелдиктерди ооздуктоо маселеси актуалдуу болууда. Вирус биздин жашообузда дагы деле болсо калууда жана аны менен күрөш уланууда. Системалык көйгөйлөрдү чечпестен, кандайдыр бир чектөө чараларын киргизүү натыйжасыз болуп, экономиканын реалдуу секторундагы микро, чакан жана орто бизнеске дагы бир жолу сокку урат. Бул тууралуу экономист Нүргүл Акимова «Eurasia Today» агенттигине билдирди. Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Марал» радиосуна берген маегинде “өлкөдө кайрадан катуу карантиндик…

Прочитайте больше

Иран ТИМ жетекчиси Түркияга жөнөп жатат

Иран ТИМ жетекчиси Түркияга жөнөп жатат

Мухаммад Жавад Зариф 19-мартта Түркияга расмий иш сапары менен кетти.  Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын тышкы иштер министри түрк кесиптеши баш болгон түрк расмий адамдары менен жолугушуу үчүн Түркияга жөнөп кетти.Түркиянын “Анадолу” агенттиги бул тууралуу жазып, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ирандык кесиптешин бүгүн, 19-мартта Анкарада тосуп алаарын билдирди.Мухаммад Жавад Зарифтин Түркияга сапары учурунда эки тараптуу карым-катнаштарды чыңдоо менен байланышкан маселелер жана аймактагы маанилүү маселелер талкуулана турганы белгиленди.Айрым маалымат булактары Ирандын түрк тарап менен сүйлөшүүлөрү, коронавирустун…

Прочитайте больше

Макрон Иранга эскертүү берди

Макрон Иранга эскертүү берди

Макрон: Иранды Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттердин планы боюнча милдеттенмелерин бузганды токтотууга чакырабыз. «ir.Sputnik News» агенттиги “Axios” агенттигине шилтеме берип, 18-мартта Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилдин президенти Реувен Ривлин менен жолугушуу учурунда Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы деп аталган өзөктүк келишимди бузууну токтотушу керек деп эскерткенин билдирди.Макрон АКШнын келишимден чыгып кеткенин жана европалык тараптардын өз милдеттенмелерин аткара албай жатканы Иран өзүнүн өзөктүк милдеттенмелерин жөнгө салуу түрүндө реакция кылышына себеп болуп жатканын эске албастан, “Иран 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди бузганды токтотуп, жоопкерчиликтүү мамиле жасашы…

Прочитайте больше

Путин Байденге түз эфирде сүйлөшүүнү сунуштады

Путин Байденге түз эфирде сүйлөшүүнү сунуштады

Кечээ, бейшемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык кесиптеши Жо Байденге бири-бири менен түз эфирде сүйлөшүүнү сунуштады. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.Владимир Путин “Россия 24” телеканалында сүйлөгөн сөзүндө: “Биз азыр бул жөнүндө ойлонуп жатабыз. Акыркы жолу телефон аркылуу сүйлөшүү демилгеси Жо Байден тараптан көтөрүлгөн. Мен президент Байденге сүйлөшүүлөрдү улантууну сунуш кылам, бирок эфирде эч кандай кечиктирбестен жана түздөн-түз талкуу менен түз жана онлайн режиминде. Менин оюмча, бул орус элине, Америка элине дагы, ал тургай башка өлкөлөргө дагы жагат”, – деп…

Прочитайте больше