Экономист: «Саламаттык сактоо министрлиги карантин киргизүүнү сунуштабай, системалык көйгөйлөрдү чечиши керек»

Азыркы учурда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тобокелдиктерди ооздуктоо маселеси актуалдуу болууда. Вирус биздин жашообузда дагы деле болсо калууда жана аны менен күрөш уланууда. Системалык көйгөйлөрдү чечпестен, кандайдыр бир чектөө чараларын киргизүү натыйжасыз болуп, экономиканын реалдуу секторундагы микро, чакан жана орто бизнеске дагы бир жолу сокку урат.

Бул тууралуу экономист Нүргүл Акимова «Eurasia Today» агенттигине билдирди.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Марал» радиосуна берген маегинде “өлкөдө кайрадан катуу карантиндик чаралар киргизилиши мүмкүн” экенин билдирген. Өз кезегинде, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, чектөө киргизилиши мүмкүн экенин четке какпаганын “Sputnik” маалымат агенттиги билдирген.

Акимова белгилегендей, азыркы тапта бийлик коронавирусту вакцинация жолу менен ооздуктоонун чараларын көрүп жаткандыгына карабастан, пандемия көйгөйү кыргыз коомчулугунда актуалдуу бойдон калууда. Анын айтымында, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри бүгүнкү күндө калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты үчүн гана эмес, социалдык блок, анын ичинде жумуш менен камсыз кылуу үчүн да жооптуу.

Бир нерсени эске алуу керек, деп эсептейт Акимова: «Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бюджети өтө аз. 17 миллиард сомдун 1 гана миллиарды системаны өнүктүрүүгө арналган. 1 миллиард сом 6 миллион калк үчүн медициналык кызматтардын сапатын жакшырта албайт», – деди эксперт.

Экономист министр локдаунду жана жалпысынан кандайдыр бир чектөө чараларын ойлонуудан мурун, системалык маселелерди чечүү жөнүндө ойлонушу керек деп эсептеп, Саламаттыкты сактоо системасынын кыйрашына жол бербөөчү маселелерди иштеп чыгуу керек деди. «Бизде каражаттарды чогултуу жана бөлүштүрүү толугу менен адилеттүү эмес. Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты социалдык камсыздандырууну камтуу маселесин социалдык фонд, Экономика министрлиги, Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы жана башка экономикалык ведомстволор менен бирге иш алып барышы керек. Эмне үчүн?», – деди эксперт.

Акимова белгилегендей, бүгүнкү күндө социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кээ бир мамлекеттик кызматкерлер, башкача айтканда “бай адамдар” Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетине акча которуудан бошотулган. Кеп прокурорлор, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана айыл чарба тармагындагылар  жөнүндө болуп жатат. Айыл чарба тармагындагылар  төлөсө дагы, өтө аз төлөшөт. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бюджети жөнөкөй жарандар жана чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү тарабынан толтурулат. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине жылына ири каражат түшпөйт, ошол эле учурда система баарына кызмат кылат.

Карантинден ким көбүрөөк жабыркайт?

Эксперттин айтымында, жаңы чектөө чаралары киргизилсе, биринчи кезекте чакан жана микро бизнеситин өкүлдөрү, калктын аялуу катмары: майыптар, жетим балдар, толук эмес үй-бүлөлөр жана мамлекеттин социалдык колдоосуна муктаж болгондордун бардыгы жабыркайт. Чакан жана орто бизнес негизинен шаарлардын ичинде жана алардын жакын жерлеринде жайгашкан. Дал ушул ишкерлер тейлөө жана соода тармагында ишмердүүлүк кылышат.

Капиталы көбүрөөк болгон бардык компаниялар негизинен шаардын сыртында жайгашкан. Мисалы, кен чыгарган ири компаниялар азыраак жабыркайт. Бул жерде дагы адилетсиздик орун алат: адамдардын чакан тобу киреше алышат, ал эми көпчүлүгү дагы бир жолу кирешесиз калышат. Бул коомдогу социалдык чыңалуунун өсүшүнө шарт түзөт.

Фото: Sputnik

Комментарий жиберүү