Макрон Иранга эскертүү берди

Макрон: Иранды Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттердин планы боюнча милдеттенмелерин бузганды токтотууга чакырабыз.

«ir.Sputnik News» агенттиги “Axios” агенттигине шилтеме берип, 18-мартта Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилдин президенти Реувен Ривлин менен жолугушуу учурунда Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы деп аталган өзөктүк келишимди бузууну токтотушу керек деп эскерткенин билдирди.
Макрон АКШнын келишимден чыгып кеткенин жана европалык тараптардын өз милдеттенмелерин аткара албай жатканы Иран өзүнүн өзөктүк милдеттенмелерин жөнгө салуу түрүндө реакция кылышына себеп болуп жатканын эске албастан, “Иран 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди бузганды токтотуп, жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек. Бул кризисти жөнгө салуу үчүн Франция сүйлөшүүлөрдү жандандырууну каалайт”, – деди.
Акыркы бир нече айдын ичинде өзөктүк келишимдин европалык мүчөлөрү Иранды келишимдин алдындагы өзөктүк милдеттенмелерин сактоого чакырып келишет. Келишимдин алдындагы милдеттенмелерин аткарууда европалык тараптардын бир нече жолу кетирген кемчиликтери акыры Иранды Америка андан чыгып кеткенден туура бир жыл өткөндөн кийин,  өзөктүк келишимди тең салмакташтыруу боюнча жаңы чечимдерди кабыл алууга түрттү.
Макрон Элисей сарайында Реувен Ривлиндин катышуусунда өткөн пресс-конференцияда Франция өзөктүк сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырарын билдирди.
“Иран күтүлгөн кадамдарды жасап, жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек. Париж бул кризисти токтотуу үчүн ишенимдүү жараянды жандандыруу үчүн кызматташып иштөөнү уланта берет. Бул өзөктүк программаны көзөмөлдөөгө кайтып келүүнү жана Ирандын баллистикалык ракеталарынын ишин көзөмөлдөөнү жаңы келишимге киргизүүнү 2017-жылдан бери талап кылып  келе жатабыз”, – деди Франциянын президенти.
Франциянын өкмөтү 2017-жылы АКШнын өзөктүк келишимден чыгуусуна жол бербөөгө аракет кылып жатып, Иран менен ракеталар жана аймактык маселелер боюнча жаңы келишимдерге жетүү үчүн Европа тарапка “кошумча келишим” сунуш кылган.
Times of Israel гезити бир нече күн мурун жарыялаган макаласында, Реувен Ривлин бул сапарынын дагы бир максаты – Эл аралык соттун Палестина аймагындагы согуш кылмыштарын иликтөө чечими боюнча кеңешүү деп билдирген.

Комментарий жиберүү